САЯСАТ
5 мүнөт окуу
Израилдин түптөлүшүнө алып келген сионисттик терроризмге көз караш
Батыштын көңүлү Хамас жүргүзгөн операцияларга бурулганы менен, сионисттер 1940-жылдары баштаган көп жылдарга созулган террордук кампания тууралуу аз айтылууда.
00:00
Израилдин түптөлүшүнө алып келген сионисттик терроризмге көз караш
Сионисттик террор тобу Иргундун жарнамалык плакаты
16 Февраль 2025
ТийиштүүTRT Global - A lookback at the Zionist terrorism that led to Israel’s creation

7-октябрдагы кол салуудан кийин АКШнын президенти Жо Байденден Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен Франциянын президенти Эммануэль Макронго чейин Батыш лидерлери Хамасты тез арада айыптап, кээде аны террордук уюм ДЕАШ менен салыштырышты.

Бирок 1940-жылдары, ХАМАС сыяктуу палестиналык каршылык көрсөтүү топтору Израилдин оккупациясына каршы курал көтөрө электе, көп сандаган жөөт аскерлери британ расмийлерин жана палестиналык арабдарды бомбалап, өлтүрүп жатышкан.

Хаганадан Иргунга жана Стерн бандасына (Лехи) чейин еврей топтору Палестинадагы Британиянын мандатына каршы жана араб жарандарынын арасында коркуу пайда кылуу үчүн терроризмди активдүү колдонушкан.

Канададагы Нью-Брансуик университетинин аскер тарыхынын профессору жана Грегг согушту жана коомду изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Дэвид А. Чартерс: «Мен 1940-жылдардагы жөөт терроризми тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да маанилүү болгон деп ырастайм. Тактикалык деңгээлде жөөт террористтери британиялык коопсуздук күчтөрүн ирээнжитип, Палестинаны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара алышты»,-деп айтат.

Чартерс  «Жөөт терроризми жана заманбап Жакынкы Чыгыш» деген макаласында: «Стратегиялык деңгээлде бул Улуу Британияны Палестинадан чыгып кетүүгө көндүрүүдө чоң роль ойноду, бул өз кезегинде Израилдин түптөлүшүнө жана андан кийин араб-палестиналык диаспоранын түзүлүшүнө шарт түздү», - деп жазган.

Америкалык аскерий эксперт Жон Лоис Пик да Израилдин идеясынын негизи сионисттик терроризм экенин жазат. Пик өзүнүн «Жөөт-сионисттик терроризм жана Израилдин түзүлүшү» аттуу китебинде: «Британиялыктарга жана арабдарга каршы жөөт терроризми британиялыктарды Палестинадан кууп чыгууга, Улуттар Лигасынын мандатынан баш тартууга жана Израилдин жөөт мамлекетинин түзүлүшүнө чоң салым кошту»,- деп жазган.

Сионисттик террористтик топтор 1940-жылдары аскерий объектилерге гана эмес, жарандарга да ырайымсыздык менен кол салышкан.

1945-жылдын октябрында жөөттөрдүн жашыруун топтору бир эле учурда Палестинада колониялык темир жолдорду, мунай иштетүүчү заводдорду жана полиция кемелерин бутага алышкан. Бул еврейлердин британиялыктарга да, палестиналыктарга да каршы эки жылдык козголоңунун башталышы болгон.

1946-жылы июлда Иргун британиялык штаб-квартирасы жайгашкан Кудстагы «Кинг Дэвид» мейманканасын жардырып, 92 киши каза болгон.

Пик мындай дейт: «[Роберт] Аспри, [Менахем] Бегин жана [Сэмюэл] Катц «Кинг Дэвид» эки себеп менен жардырылганын белгилейт: Британиянын жөөт агенттигине кол салганы үчүн өч алуу жана Жөөт агенттиги менен [Дэвид] Бен Гурионду Хагана терроризмине байланыштырган жашыруун документтерди жок кылуу үчүн».

Хагана 1897-жылы Швейцариянын Базел шаарында өткөн Биринчи сионисттик конгресс учурунда сионизмдин негиздөөчүсү Теодор Герцл тарабынан негизделген Дүйнөлүк Сионисттик Уюмдун операциялык бөлүмү болгон Палестина үчүн жөөт агенттигинин куралдуу канаты болчу.

1948-жылдан кийин атын Израиль үчүн жөөт агенттиги деп өзгөрткөн Палестина үчүн жөөт агенттиги башка өлкөлөрдөн Израилге жөөт иммиграциясын кубаттоо, жеңилдетүү жана ишке ашыруу максатын койгон.

Бен Гурион 1935-жылдан 1948-жылга Израил мамлекети түзүлгөнгө чейин жөөт агенттигинин төрагасы болуп иштеген жана Хагананын ишмердүүлүгүндө маанилүү роль ойногон. Гурион кийин Израилдин биринчи премьер-министри болду.

 Коргонуу күчү дегенди билдирген Хагана сионисттик лидерлерди Израиль негизделгенден кийин куралдуу күчтөрүн Израилдин Коргоо Күчтөрү (IDF) деп аташына шыктандырган.

1940-жылдардагы жашыруун иш-аракеттер тууралуу Пик: «Жөөт терроризми аскердик операцияларга жана Израилдин коргонуу күчтөрүнүн террордук уюмуна айланды», - деп жазган.

 Сионисттик «этникалык тазалоо»

 1948-жылдын 9-апрелинде Иргун жана Лехи согушкерлери биргелешип кеминде 107 палестиналык айыл тургунун анын ичинде аялдар менен балдарды «Дейр Ясин» кыргынында өлтүрүшкөн. Дейр Ясин 600дөй калкы бар Кудска жакын палестиналык кыштак болгон.

Иргундун Дейр Ясиндеги карапайым палестиналыктарга кылган жырткычтыгы палестиналык арабдарды чочутуу жана коркутуу максатын көздөгөн. ФАТХ кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Салах Халаф 1979-жылы француз журналисти Эрик Руло менен болгон маегинде бул палестиналыктарды өз жерин таштап кетүүгө мажбурлоо дегенди билдирген.

Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму ФАТХ басып алынган Батыш Шерианы башкарган эл аралык коомчулук тааныган Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун алдыңкы фракцияларынын бири.

 ФАТХ азыр эл аралык коомчулуктун көз карашы боюнча мыйзамдуу топ болгону менен, 1960-жылдары АКШ менен Израил ХАМАСты айыптагандай эле аны террордук уюм деп аташкан. 2006-жылы Палестинада өткөн акыркы шайлоодо Хамас жеңишке жеткен.

Абу Ияд деген ат менен да белгилүү Халаф Руло менен болгон маектерине таянып «Palestinien sans patrie» [Жарандыгы жок палестиналык] аттуу китебинде Иргундун Дейр Ясин кыргыны анын үй-бүлөсүн Яффадагы үйүн таштап Газага барууга мажбур кылганын ачык сүрөттөгөн.

Расмий билдирүүлөрдүн тескесирисинче Халаф 1948-жылдын апрель окуясында 250дөн ашуун палестиналык сионисттик террордук топтор тарабынан өлтүрүлгөнүн жана жөөт кылмышкерлери «отузга жакын кош бойлуу аялдын ичегилерин жарып, көптөгөн өлүктөрдү таяк менен тешкенин» айтты.

Халафтын айтымында, Дейр Ясин кыргыны сионисттердин палестиналыктарды этникалык тазалоо кампаниясындагы эң маанилүү окуялардын бири болгон жана алар ошондон бери анын кесепеттерин тартып келүүдө. Палестинанын Салиха жана Лидда сыяктуу шаарларындагы башка сионисттердин кыргындары Дейр Ясиндин артынан уланып, Палестиналыктардын Накба деп аталган массалык көчүшүнө түрткү болду.

Халаф 1948-жылдын башында Хагана «Бегин Иргун сыяктуу сепаратисттик уюмдар менен тыгыз кызматташып, сионисттер ойлогон жөөт мамлекетинин жерлеринен араб конуштарын тазалоо үчүн макулдашылган чабуулду баштаганын» белгиледи.

«Дейр Ясиндегидей кыргындардан корккон жана өз тагдырларына калтырылган жүз миңдеген палестиналыктар коопсуздук издеп өз өлкөсүнөн качууну чечишти»,-деди ал.

Палестиналыктар өз өлкөсүнөн чыгып кеткенде, алар да араб мамлекеттери өз жерлерин кайтарып аларына ишенип, тез арада мекенине кайтууну үмүт кылышкан. Бирок, мындай болгон жок.

Европадан жана башка жерлерден келген жөөт иммигранттары сионисттик куралдуу топтордун жардамы менен Жөөт агенттиги тарабынан Палестинага жайгаштырылды.

Палестина калкынын бул жер которуусу бүгүнкү күнгө чейин уланууда, анткени Израиль Батыш Шериада басып алган жерлеринде мыйзамсыз конуштарды курууну улантууда.

Бир нече жылдар бою Бегин жетектеген Иргун БУУ, АКШ жана Улуу Британия тарабынан террордук топ деп табылган.

Мындай катуу айыптоолорго карабастан, Бегин Израилдин оңчул саясий партиясы болгон Херутту негиздеген. Бегин 1977-жылы Израилдин алтынчы премьер-министри болгон. Херут кийинчерээк азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Ликуд партиясы менен бириккен.

 Таштап кетүү мүмкүн эмес

 Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (Аль ФАТХ) төрагасынын орун басары жана чалгындоо кызматынын башчысы жана Палестинанын каршылык көрсөтүү тобунун өмүр бою жетектеген лидери Ясир Арафаттан кийинки эң күчтүү Фатхтын экинчи лидери болгон Халаф палестиналыктардын өз жерин эч качан таштабашы керектигин айтты.

«Артка кылчайып карасам, менимче, менин мекендештерим араб өлкөлөрүнө ишенип, жөөт колонизаторлоруна талааны ачык калтырып, ката кетиришти. Алар кандай болсо да туруштук берүүгө аргасыз болчу. Сионисттер аларды акыркы кишиге чейин жок кыла алышмак эмес. Анын үстүнө, көбүбүз үчүн сүргүн өлүмдөн да жаман болчу».

Газа эли экинчи Накба деп эсептелген окуяда жер которгондуктан, Халафтын эскертүүсү Хамастын жетекчилигине жакындап калганын белгилеши мүмкүн.

Израилдин ачыкка чыккан документтери Тель-Авив Накба сыяктуу Палестиналыктарды Газадан башка дагы бир сүргүнгө чыгарууну пландап жатканын көрсөтүүдө.

Израилдин армиясы бир айдан ашык убакыттан бери Палестинанын территориясын аба соккулары, ракеталар жана артиллериялык аткылоо менен сокку урууда, 1940-жылдардагы Дейр Ясирде жана башка аймактарда болгондой он миңден ашык адамдын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өлүмүнө алып келди.

Иликте
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Түркия Газадагы ок атышпоону улантууга чакырып, гуманитардык жардамдын жетишсиз экенин билдирди
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Финляндияга барды
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты
Пакистан ооган качкындарынын кайтышы үчүн Торхам чек арасын эки жумалык жабылуудан кийин кайра ачты
Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт
Трамп: «Си сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салат»
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
Сирия Косовону расмий түрдө көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары тааныды
Польшалык учактар ​​Балтика деңизинин үстүндө орусиялык учакка бөгөт коюшту