ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
6500 аскер Вашингтондо параддан өтөт - АКШ армиясы 250 – жылын белилеп жатат жана Трамп 79 жашта
14 -  июнда боло турган парадда АКШ аскерлери жана аскердик академиянын студенттери, армия катышкан салгылашуулардын көрсөтмө аткарууларын тартуулашат.
6500 аскер Вашингтондо параддан өтөт -  АКШ армиясы 250 – жылын белилеп жатат жана Трамп  79 жашта
President Trump's 79th birthday and the US Army’s founding are converging in a dramatic show of pageantry on June 14, 2025. / Public domain

Америка Кошмо Штаттары 14-июнда АКШ армиясынын негизделишинин 250 жылдыгын белгилөө үчүн аскердик парад өткөрөт. Ак үй бул иш – чаранын ошол эле учурда президент Дональд Трамптын 79 жашына туш келгендигин билдирди.

Ак үйдүн катчысы Анна Келли Х платформасынан берген билдирүүсүндө Трамптын америкалык ардагерлерди, иштеп жаткан аскерлерди жана аскердик тарыхты аскердик  парад менен урматтай тургандыгын белгиледи.

Келли билдирүүсүндө шилтеме берген Fox News макаласындагы маалыматка ылайык, аземге катыша турган АКШ аскерлери жана аскердик академиянын студенттери АКШ армиясынын тарыхында катышкан кагылышуулар менен согуштардан алынган көрүнүштөрдү көрсөтүшөт. Бул кагылышуулардын арасында Америка революциясынан баштап глобалдык терроризмге каршы күрөшкө чейинки мезгилдер бар.

Washington City Paper өткөн айда билдирген бир кабарда парадды Пентагондон Ак үйгө чейинки алты чакырымдык жолдо өткөрүүнүн пландалып жаткандыгын жазган.

Трамп биринчи мөөнөтүндө Франциядагы Бастилия күнү парадына катышкандан кийин Вашингтондо аскердик парад өткөрүү пикирин билдирген. Бирок Пентагондун бул үчүн  92 миллион доллардын керектелерин, танктар менен башка оор аскердик каражаттардын шаардын жолдоруна зыян келтирет деген тынчсызданууну билдириши менен бул пикир ишке ашкан эмес.

Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер да өткөн айда журналисттерге берген маалыматында ушундай эле тынчсызданууларын билдирди. «Аскердик танктардын көчөлөрдө болушу жакшы нерсе эмес. Эгерде аскердик танктар колдонула турган болсо жолдорду оңдоо үчүн миллиондогон доллар керектелет»,- деди.

Жетекчилердин айткандарына жана документтерге караганда аскердик пландоолордо азыркы учурда 6500дөн ашык аскер, 150гө жакын транспорт жана  50 учак катышуусу керек.

Күч жана даңк

АКШнын аскердик кызмат тармактары өз тарыхы жана түзүлгөн күнү менен сыймыктанат. Аскердик чөйрөлөрдө туулган күн деп  аталган бул майрам жалпы АКШда жана дүйнөдөгү базаларда өткөрүлөт. Reuters агенттиги көргөн пландоо документине ылайык, 14-июнда өтө турган парад менен аяктай турган бир жумалык  майрам пландалууда.

АКШлык бир жетекчи акыркы пландаштыруу бир нече миң кошумча аскерди жана ондогон аскердик техниканы каматыгандыгын, бул техникалардын парад болбосо керек болбой тургандыгын айтты.  

Жетекчи пландын азырынча даярдалуу баскычында экендигин жана өзгөрүшү мүмкүн экендигин, өзгөчө бул парад Ак үйдүн талабыбы же армия ойлогон нерсеби белгисиз экендигин кошумчалады.

Жетекчи пландын азырынча Ак үй же Пентагондун жогорку мартабалуу лидерлери тарабынан бекитилбегендигин да айтты.

Трамп буга чейин да аскердик парад өткөрүү каалоосун ачыкча билдирген. Аскердик параддар АКШда  сейрек болот. Башка өлкөлөрдө мындай аземдер көбүнчө согуштагы жеңиштерди белгилөө же аскердик күчтү көрсөтүү үчүн өткөрүлөт.

Трамп бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө 14 -  июнь тууралуу сөз кылбаса да аскердик майрамдарга ишара кылды. Трамп Truth Social социалдык медиа платформасында: «Бир нече союздашыбыз жана досубуз  8 -  майды Жеңиш күнү катары белгилеп жатат бирок Экинчи дүйнөлүк согушунда жеңишке жетишүү үчүн башка бардык өлкөлөргө караганда көп нерсе жасадык. Жеңиштерибизди кайрадан белгилей баштайбыз»,- деген.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат