ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Судандын Дарфур аймагында холерадан улам 80 киши каза болду жана 2100дөн ашуун бейтап бар
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жардам уюмдары Судандын Түндүк Дарфур провинциясында 640 000ден ашуун баланын зомбулук, тамак-аштын жетишсиздиги жана холера эпидемиясынын коркунучу алдында турганы тууралуу шашылыш эскертүү жасады.
Судандын Дарфур аймагында холерадан улам 80 киши каза болду жана 2100дөн ашуун бейтап бар
/ Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жекшемби күнү 30-июлга карата Судандын Дарфур аймагындагы беш штатта холера эпидемиясынан кеминде 80 адамдын каза болгонун, 2100дөн ашуун бейтаптын аныкталгандыгын жарыялады.

ЮНИСЕФтин маалыматында 21-июндан бери Түндүк Дарфур штатындагы Тавила шаарында 20 адам каза болуп, 1,180 учурдун катталгандыгы белгиленди.

Дарфурдагы беш штатта холера менен ооругандардын жалпы саны 30-июлга карата болжол менен 2140ка жетти, кеминде 80 адам каза болду", - деп билдирди ЮНИСЕФ. БУУнун агенттиги Түндүк Дарфурда 640 миңден ашуун баланын зордук-зомбулук, ачарчылык жана холера коркунучу астында экендигин эскертти.

ЮНИСЕФтин Судандагы өкүлү Шелдон Йетт: "Холера алдын алууга жана оңой дарылоого мүмкүн болсо да, Тавила жана Дарфурдун башка аймактарында тездик менен жайылып, балдардын, өзгөчө эң кичинекей жана аялуу балдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө", - деди.

Оорунун жайылышын токтотуу боюнча аракеттердин жүргүзүлүп жатканына карабастан, "ырайымсыз зомбулуктун муктаждыктарды канааттандыруу ылдамдыгынан ашкан темпте бараткандыгын" билдирди.

Йетт: “Бул муктаж балдарга жетүү жана абалды жакшыртуу үчүн ишенимдүү, тоскоолдуксуз жетүү камсыз кылынышы керек. Бир күн да күтө алышпайт “,- деп эскертти.

БУУнун маалыматы боюнча, 2024-жылдын август айынан бери Судандын 18 штатынан 17синде 94,170 холера учуру жана 2,370тен ашуун өлүм катталган.

Суданда 2023-жылдын апрелинен бери армия менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) ортосундагы кагылышуулар уланууда. БУУнун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, 20 миңден ашуун адам набыт болуп, 14 миллиону жер которгон. Бирок АКШ университеттеринин изилдөөлөрү каза болгондордун саны 130,000ге жакын экендигин болжолдоп жатат.

Иликте
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты