ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Газпром: Европанын газ кампаларындагы тартыштык камсыздоо тобокелдигин жаратууда
Россиянын энергетикалык компаниясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Германиядагы, Нидерландиядагы жана Франциядагы жаратылыш газын сактоочу жайлардын деңгээли Европадагы орточо көрсөткүчтөн төмөн экендиги билдирилди.
Газпром: Европанын газ кампаларындагы тартыштык камсыздоо тобокелдигин жаратууда
Санкт-Петербургдагы эл аралык газ форумунда «Газпромдун» логотиби көрүнүп турат (Архивдик сүрөт)

Россиянын энергетика компаниясы Газпром Европанын жер астындагы жаратылыш газын сактоочу жайларынын жетишсиздиги суук аба ырайында ишенимдүү камсыздоого олуттуу коркунуч келтирип жатканын билдирди.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Европадагы жаратылыш газ сактагычтарынын июнь жана июль айларындагы толтурулуу көрсөткүчтөрүнө баа берилди.

Кампалардагы газ тартыштыгы 12 миллиард кубометрге жеткени белгиленген маалыматта 31-июлга карата кампалардагы жаратылыш газынын көлөмү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 17,3 пайызга аз экени көрсөтүлгөн.

Германия, Нидерландия жана Франциядагы жаратылыш газ сактагычтарынын толтурулуу көрсөткүчтөрү Европанын орточо деңгээлинен төмөн экендиги белгиленди. «Азыркы абал суук мезгилде европалык керектөөчүлөргө ишенимдүү жаратылыш газ менен камсыз кылуу жагынан тобокел жаратаарын» билдирүүдө деп айтылды.

Газпромдун Европага жаратылыш газ экспорттоо көлөмү санкциялардан улам олуттуу азайган.

Иликте
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды