Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды
ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алдыЛахмажун Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Газиантеп шаарынын Европа Биримдиги тарабынан таанылган даамдуу тамактарынын катарына кошулду.
Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды / AA

Газиантеп шаардык муниципалитетинин мэри Фатма Шахин шаардын уникалдуу даамы болгон лахмажундун географиялык көрсөткүч күбөлүгүнө ээ болуу менен Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан коргоого алынганын жарыялады. Лахмажун шаардын бул наамды алган бешинчи өнүмү болуп калды.

Акыркы каттоо менен бирге Түштүк-Чыгыш Анадолудагы маанилүү шаар Газиантептин Европа Биримдиги тарабынан таанылган 107 өнүмү бар жана бул категорияда түрк шаарларынын арасында биринчи орунда турат.

Жука нандын бетине татымалдуу эт аралашмасы капталган Лахмажун дүйнө жүзү боюнча "түрк пиццасы" катары белгилүү.

Шахиндин айтымында, ЕБ тарабынан таанылган башка жергиликтүү өнүмдөргө Газиантеп баклавасы, Арабан сарымсагы, мененгич кофеси жана Антеп мисте пастасы кирет.

X платформасындагы билдирүүсүндө Фатма Шахин: "Бул каттоолор биздин даамыбыздын аныктыгын сактап, брендибиздин баалуулугун дүйнөлүк көңүл чордонуна көтөрүп, шаарыбызга нарк кошот. Айыл чарба жана токой чарба министрибиз Ибрахим Юмаклы мырзага, өнөр жай жана технология министрибиз Мехмет Фатих Кажыр мырзага, Газиантеп Товар биржасына жана колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Бул шаарыбызга ийгилик алып келсин", - деди.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция