Газа тарыхындагы эң кыйратуучу мезгилдердин бирин башынан өткөрүп жатканда, 24 жыл бою бул блокададагы аймакта жашаган түрк Кевсер Йылмаз Жарада абадан соккулар, ачарчылыктар жана бекем ишеним менен калыптанган жашоосунан үзүндүлөрдү айтып берди.
Кевсер Йылмаз Жарада 1999-жылы турмушка чыккандан кийин Газага көчүп барды жана ал жерде 24 жыл жашады.
Жарада: “Газадагы согуштарды, блокадаларды жана элдин кыйынчылыктарын алар менен бирге өткөрдүм. Өзүмдү алардын бири катары көрөмүн жана өзүмдү газалык деп эсептейм,” – деди.
2005-жылга чейин изаилдик отурукташуучулардын Газадагы Палестина жерлерин тартып алып , көрүнбөгөн аймактарда жашаганын белгилеген Жарада: “Алар чоң жерлерде, өздөрүнүн мектептери жана завод - фабрикалар менен люкс жашоодо жашашты,” – деди.
“Газалыктар каршылык көрсөттү жана басып алуучулардын өз жерлериндеээн эркин жашоосуна жол беришкен жок. Эл өз жерин басып алуучулардан тазалады. Ал мезгилден кийин Газада бир да еврей калган жок,” – деп кошумчалады Жарада.
‘Газада жашоо токтойт, бирок билим токтобойт’
Газада билим берүүнүн артыкчылыктуу экенин баса белгилеген Жарада: “Газада жашоо токтойт, бирок билим берүү токтобойт. Согуш учурунда да билим берүү улантылат,” – деди.
Балдардын мектептен кийин тамактанып, андан соң көбүнчө социалдык борбор катары кызмат кылган мечиттерде убакыт өткөргөндөрүн белгиледи.
Жарада Газадагы чек ара дарбазаларынан өтүүнүн өтө кыйын экенин, окуучулардын же бейтаптардын аттарын айлар мурун алдына ала каттатып, тизмеге кирүү үчүн күтүүгө мажбур болгондорун айтты.
Ал эми электр энергиясынын өчүрүлүшү күнүмдүк жашоону калыптандырганын айтып, электр жарыгынын көбүнчө 4-8 саат гана берилгенин, кээде таптакыр берилбеген учурлардын болгонун да кошумчалады.
“Биз ишибизди электр жарыгы келген сааттарга ылайыктап пландачубуз. Эгер түн ичинде жарык болсо, кир жууп, үтүктөп, тамак даярдачубуз. Сегиз саат жарык болгондо кубанар элек. Сууга жетүү да чектелген болчу,” – деди Жарада.
“Суу кээде эки же үч күндө бир гана агып, үй-бүлөлөр суу сактоо үчүн резервуарларды толтуруп алышчу”,- де кошумчалады.
Ошентсе да, бул шарттарда да студенттердин университетти аяктагандарын белгиледи.
Жарада: “Газадагы адамдардын ар бир кыйынчылыкта шүгүр кылууну улантканын көрүү бизге чоң сабак болду,” – деди.
Газалыктар эч качан "Биз баш тарттык" деп айтышпайт
Жарада Газадагы кыйынчылыктардын адамдарды чыдамкай кылганын баса белгиледи.
“Жашоо оор болчу, бирок бул дайыма аларды күчтүү кылды. Газалыктардын ишеними бекем; алардын психологиясы оңой менен бузулбайт. Согуштан кийин алар тез эле өздөрүн калыбына келтирип, жашоону улантышат. Алар эч качан ‘биз багындык’ деп айтышпайт, анткени өз тагдырын билип, аны менен жашашат,” – деди.
Ал 2023-жылдын жайында ден соолугуна байланыштуу Түркияга келгенин жаан кыска убакыттан кийин Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш башталганын айтты. Жарада чыңалуу күчөгөнүн, Газада дээрлик жыл сайын кагылышуулардын болуп келгенин белгиледи.
Жарада басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине болгон кол салуулар Газадагы элди мобилизациялаганын айтты.
2023-жылдын 8-октябрынан кийинки мезгилди эске салган Жарада Израилдин блокадасы астында катуу бомбалоолор жана олуттуу тартыштыктын болгонунан сөз кылды.
“Элдер кудуктун же деңиз суусу менен жана жапайы өсүмдүктөрдө аман калышты,” – деп айткан Жарада балдарынын эки жума бою суу менен гана жашап, бир жолу тооктун жемин ун катары колдонуп нан жасашканын кошумчалады.
Жарада Газанын саламаттыкты сактоо системасы негизинен кыйраганын, ооруканалар жабыркап, көптөгөн жарадарлардын дарыланбай калганын, турак жай кризиси миңдеген адамдарды чатырларда же урандылардын арасында жашоого мажбур кылганын белгиледи.
Газа калкы өзүн кайра курууну абдан жакшы билет
Газадагы коомдун “өзүн-өзү жаңылоо рефлексине” көңүл бурган Жарада: “Ок атышуу токтотулары менен мечиттер оңдолуп, жамааттар кайра чогулат. Бул биримдиктин жана тилектештиктин маңызы. Ар бир бомбалоодон кийин үйлөр оңдолуп, көчөлөр тазаланып, жашоо кайрадан уланат. Газадагы эл өздөрүн кантип калыбына келтирүүнү жакшы билишет,” – деди.
Ал газалыктардын абдан берешен экенин, ал жакта өткөргөн 24 жыл ага ыраазычылык, сабырдуулук жана тилектештикти үйрөткөнүн кошумчалады.
Жарада балдарын Газада тарбиялоо сыймык экенин жана дүйнө бул элдин туруктуулугун жана кадыр-баркын көрүп жатканын кошумчалап: "Кудай буюрса, бир күнү баарыбыз биргеликте эркин Кудста дуба кылабыз", - деди.












