Палестинанын лидери Марван Баргути Израиль түрмөсүндө сабалып, кабыргалары сынды

66 жаштагы Баргути Фатх партиясынын жетекчиси, Палестина саясатындагы эң белгилүү ысымдардын бири.

Палестиналык лидер Марван Баргути Израилдин түрмөсүндө сабалып, кабыргалары сындырылды. / AP

Палестиналык туткундар медиа кеңсеси Палестинанын лидери Марван Баргутинин Израиль түрмөсүндө ур-токмокко алынгандан кийин кабыргасынын сынганын билдирди.

Палестина кеңсеси шаршемби күнү Telegram аркылуу билдирүү жарыялап, Баргутинин сентябрь айынын орто ченинде Израилдин түштүгүндөгү Рамон түрмөсүнөн түндүктөгү Мегиддо түрмөсүнө которулуп жатканда израилдик сакчылар тарабынан сабалганын билдирди.

Билдирүүдө Баргути эс-учун жоготуп, төрт кабыргасынын сынганы белгиленди.

66 жаштагы Баргути Палестинанын президенти Махмуд Аббас жетектеген ФАТХ тобунун жогорку даражалуу өкүлү жана Палестина саясатындагы эң белгилүү жана популярдуу фигуралардын бири.

Боргути Экинчи Интифадага байланыштуу айыптар менен беш жолу өмүр бою эркинен ажыратылуу менен 2002-жылдан бери Израиль түрмөлөлүндө камалуу.

Газа тынчтык планы

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен Хамас 29-сентябрда жарыяланган пландын биринчи этабын макулдашканын жарыялаган.Бул план Газада ок атышууну токтотууну, буга жооп катары палестиналык туткундардын бошотууну жана Израиль күчтөрүнүн Газадан акырындап чыгарылышын камтыйт.

Пландын биринчи этабы жума күнү күчүнө кирди.

Пландын экинчи этабы Газада ХАМАСтын катышуусуз жаңы башкаруу органын түзүү, көп улуттуу күчтөрдү түзүү жана Хамастын куралсыздануусун күтүүдө.

2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин кол салууларында көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган 68000 палестиналык, каза болуп, Газа жашоого болбой турган абалга келди.