ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Зеленский : Украина менен АКШ учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу чоң келишимди карап жатат
Украинанын президенти Зеленский АКШнын президенти Трамп менен өткөргөн акыркы сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн аба технологиясын күчтөндүрүүгө карата келишимдин колго алынгандыгын айтты.
Зеленский : Украина менен АКШ учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу чоң келишимди карап жатат
/ Reuters

 Украинанын президенти Владимир Зеленский New York Post гезитине берген маегинде президент Дональд Трамп менен Вашингтондун Украинадан согуш талаасында сыналган учкучсуз учуучу аппараттарды жана Киевдин да АКШдан курал-жарак сатып алуу боюнча келишими каралып жаткандыгын билдирди.

Зеленский Украинада жасалган учкучсуз учуучу аппараттардын  Россиянын аймагында 1300 километр ичкеридеги буталарды ата  аларын белгиледи.

"Америка элинин бул технологияга муктаждыгы бар жана ал сиздин инвентарыңызда болушу керек", - деди Зеленский шаршемби күнү The Post басылмасына берген маегинде.

 Украин лидери учкучсуз учуучу аппараттарынын  өлкөсүнүн үч жылдан ашык убакыттан бери Россиянын оккупациясына каршы турууга мүмкүндүк берген негизги курал болгонун айтты.

«Биз бул тажрыйбаны АКШ жана башка европалык өнөктөштөрүбүз менен бөлүшүүгө даярбыз», - деген Зеленский Дания, Норвегия жана Германия менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын кошумчалады.

Жаңы өкмөтүн тааныштыруу үчүн парламентте сөз сүйлөгөн Зеленский АКШ менен өлкөнү бекемдей турган келечектеги келишимдерди жарыялады, бирок кенен маалымат берген жок.

Ошол эле учурда, АКШнын келерки жылдагы коргонуу жана улуттук коопсуздук бюджет талабында чакан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар үчүн чыгымдарды жогорулатуу күтүлүүдө. Бул жогорулатууда Украинадагы согуш учурунда учкучсуз уучуучу аппараттардын арзан, бирок эффективдүү согуш куралы катары алдыга чыгышы таасирдүү болгону белгиленди.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү