САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Иран парламентинин төрагасы Галибаф: "Ирандын 7 шарты аткарылмайынча Ормуз кысыгы ачылбайт"
Иран парламентинин төрагасы Мухаммед Багер Галибаф өз өлкөсү Катардын ортомчулугу аркылуу АКШга жеткирген сунушу боюнча: "Ирандын 7 шарты аткарылмайынча Ормуз кысыгы ачылбайт" деп билдирди.
Иран парламентинин төрагасы Галибаф: "Ирандын 7 шарты аткарылмайынча Ормуз кысыгы ачылбайт"
Иран парламентинин төрагасы Мухаммед Багер Галибаф

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA кабарына караганда, Галибаф бул сөздөрдү парламенттин ачык жыйынында айтты. 

АКШнын маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрүнүн тескерисинче алар Иранга ортомчулар аркылуу сунуштарды киргизишкенин айткан Галибаф "Бир тараптуу талап коюулардын доору бүткөнүн жана Ирандын 7 шарты аткарылмайынча Ормуз кысыгы ачылбай турганын билиши керек" деп кошумчалады. 

Галибаф АКШ Ирандын чечкиндүүлүгүн жакшы билгенин жана ички коомчулуктун пикирин калыптандыруу үчүн экономикалык кысым жана аскердик аракеттерден тышкары коркутуу риторикасын күчөтүп жатканын билдирди. 

Өз өлкөсү социалдык медиадагы коркутууларды камтыган билдирүүлөргө эмес, чындыктарга жараша саясат жүргүзүп жатканын айткан Галибаф АКШнын "карама-каршы" билдирүүлөрү Иран элинин акылын чаташтырууга багытталганын жактады. 

Иран делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШга болгон сапарында Катардын ортомчулугунда Ормуз кысыгын ачуу боюнча АКШга жети шарт койгон.

Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын шарттарын кабыл албагандарын жарыялаган.

Иликте
Тышкы иштер министри Фидан БАЭнин президенти Аль Нахайян тарабынан кабыл алынды
Баскынчы Израиль Суккот майрамын шылтоолоп, Батыш Шерианы толугу менен жаап салды
Украина: Орусия бул аптада 2200дөн ашык дрон, 38 ракета жана болжол менен 1650 бомба менен кол салды
Израиль оппозициясы Нетаньяхуга каршы биргелешип аракет кылуу чечимин кабыл алды
Аракчи: «Иран Ормуз кысыгына байланыштуу шарттардан баш тартпайт»
Орусиядан Европаны айыптоо: «Алар Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн бузуп жатышат»
Шара: «Голан дөңсөөлөрү Сириянын аймагы бойдон калат»
Палестина: «Элибиздин үнүн дүйнөгө жеткирүүгө тоскоолдук кылуу аракеттери ишке ашпайт»
АКШ президенти Трамп Орусия президенти Путинден "согушту токтотууну" талап кылды
Трамп: «Газзага миллиарддаган доллар жардам берилет»
Президент Эрдоган Түрк үйүндө жолугушууларды өткөрдү
Трамп: "Мен бүтүндөй Иранды жер менен жексен кыла алам"
Орусия: Москвадагы мунай иштетүүчү завод Украинанын дрондорунун чабуулунан зыянга учурады
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады
АКШ Жакынкы Чыгыш үчүн коопсуздук эскертүүсүн жарыялады
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан төрт палестиналык каза болду
Орусия Япониядан АКШнын ракеталык системаларын өз аймагынан чыгарууну талап кылды
Түштүк Корея менен Борбордук Азия лидерлеринен кызматташтык
Аббас Аракчи: "Бүгүнкү күндө кабыл алынган чечимдер стратегиялык тең салмактуулукту аныктайт"
Израиль менен Марокконун кызматташтыгы