Президент Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Түштүк Кореянын борбору Сеулга барды.
Президент Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдоган Сеул Соннам аба базасында Түштүк Кореянын соода министри Пак Чжон Сон тарабынан тосуп алынды.
4-ноябрга чейин созула турган сапарынын алкагында президент Эрдоган шейшемби күнү 3-ноябрда Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен расмий жолугушуу өткөрөт.
Жолугушуулардын максаты - эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн бардык аспектилерин талкуулоо, учурдагы аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуу жана эки тараптуу мамилелердин келишимдик базасын бекемдей турган ар кандай келишимдерге кол коюу.





















