ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Нигерияны христиандарга "жашоого коркунуч" деген жүйө менен байкоо тизмесине киргизди
АКШнын президенти Африканын калкы эң көп өлкөсү болгон Нигерияда христиандарды массалык түрдө өлтүрүүдө "радикалдардын" жооптуу экенин айтты.
Трамп Нигерияны христиандарга "жашоого коркунуч" деген жүйө менен байкоо тизмесине киргизди
Дональд Трамп / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Нигерияда христиан дини коркунучка кабылып жатканын айтып, Батыш Африкадагы бул өлкөнү Мамлекеттик департаменттин көзөмөл тизмесине киргизгенин билдирди.

Трамп: “Нигерияда христиан дини чоң коркунучта турат. Миңдеген христиан өлтүрүлүүдө. Бул массалык кыргыдан радикал исламчылар жооптуу,” - деп жазды Truth Social платформасында.

Трамп АКШнын Африканын эң ири мунай өндүрүүчүсү жана калкы эң көп өлкөсү Ниерияны АКШнын “Диний эркиндикти бузган өлкөлөр” тизмесине киргизип жатканын айтты.

Мамлекеттик департаменттин веб-сайты бул тизмеге Кытай, Мьянма, Түндүк Корея жана Россия сыяктуу өлкөлөрдүн киргенин маалымдады.

Трамп АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Райли Мур жана Том Коулга Өкүлдөр палатасынын Ассигнациялар комитетинен маселени карап чыгып, отчет берүүнү талап кылганын билдирди.

Иликте
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Сауд Арабиясы Ирактан Чыгыш-Батыш мунай кууруна кол салуу болгонун жарыялады
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды
Путин Европа аскерлеринин Украинага жайгаштырылышын "Россия менен согуш" деп мүнөздөдү