ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Вице-президент Йылмаз ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.
Вице-президент Йылмаз ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды
Вице президент Жевдет Йылмаз ТМУнун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды 1 / TRT Global

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 10-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Вице-президенти  Жевдет Йылмаз менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) тарабынан ишке ашырылып жаткан иш-чараларды жана артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Ошондой эле, мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын / Вице-президенттеринин жыйыны баш болгон алдыдагы иш-чаралар боюнча пикир алышып, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты дагы да чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн баалашты.

Башкы катчы Өмүралиев соода, транспорттук байланыш, экономикалык өнүгүү жана маданий алакалар сыяктуу тармактарда Уюмдун аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган акыркы демилгелери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле вице-президент Жевдет Йылмаз түрк дүйнөсүнүн жалпы көз карашын жана стратегиялык максаттарын илгерилетүү үчүн мүчө мамлекеттердин ортосундагы координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. 

Тараптар мындан тышкары ТМУ алкагында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу жана Уюмдун институционалдык потенциалын андан ары чыңдоо максатында кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Йылмаз социалдык медиа баракчасына жазган билдирүүсүндө Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Өмүралиев менен Президенттик комплексте жолукканын билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

«Түрк дүйнөсү туш болуп жаткан аймактык жана глобалдык окуяларга карата биргелешкен аракеттерди көрүү жана мамлекеттер аралык координацияны күчөтүү өтө маанилүү болуп калды. Кийинки айда Бакуда өтө турган өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин 2-жолугушуусуна катышуу үчүн Азербайжанга барууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Ошондой эле, биз бул жолугушууга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел мырзанын чакырылышын түрк дүйнөсүнүн тилектештигинин жана бир туугандыгынын табигый көрүнүшү катары карайбыз. Түркия түрк дүйнөсүнүн биримдиги, тилектештиги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн орток максаттарга карай чечкиндүү иштей берет».

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"