ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Улуу Британия Түркиянын НАТОдогу маанилүү ролун жана жалпы коопсуздук артыкчылыктарын баса белгиледи
Түркия Британия үчүн күчтүү аскердик интеграция жана коргоо өнөр жайы кызматташтыгы жагынан маанилүү НАТО жана эки тараптуу өнөктөш бойдон калууда.
Улуу Британия Түркиянын НАТОдогу маанилүү ролун жана жалпы коопсуздук артыкчылыктарын баса белгиледи
Britain highlighted Türkiye's importance and partnership in defence and security. / Reuters
25 Июнь 2025

Британ саясат документинде “Улуу Британиянын Европадагы жана НАТОнун канаттарындагы коопсуздук кызыкчылыктары жагынан Түркия маанилүү роль ойнойт жана эки тараптуу негизги өнөктөш бойдон калууда” деп айтылды.

Шейшемби күнү жарыяланган "Улуттук коопсуздук стратегиясы 2025: Коркунучтуу дүйнөдө Британ элинин коопсуздугу" аттуу жаңы өкмөттүк талдоодо Британия Түркиянын коргонуу жана коопсуздук тармагындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Кара деңиз, Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Африканын ортосундагы кесилиш аймакта жайгашкан Түркия Европада жана НАТОнун канаттарында Улуу Британиянын коопсуздук кызыкчылыктары үчүн маанилүү болуп саналат. Күчтүү аскердик интеграция жана коргонуу өнөр жайы боюнча кызматташтык менен эки тараптуу негизги өнөктөш бойдон калууда," деп айтылды документте.

Кооптуу кырдаалдарга жана кыйынчылыктарга токтолгон Улуттук коопсуздук стратегиясы, Британиянын көптөгөн жылдардан кийин биринчи жолу "согуштук сценарий" потенциалына даяр болушу керектигин да айтты.

"Биз коопсуздугубузга коркунуч келтиргендер менен бетме-бет келүү доорунда жашап жатабыз," делген билдирүүдө, Украинада уланып жаткан согушу менен Орусия "эң ачык жана чукул мисал" катары сыпатталды.

"Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу Улуу Британиянын мекенине согуш сценарийинде түздөн-түз коркунуч туудурушу мүмкүн экендигине жигердүү даярдык көрүшүбүз керек" деп кошумчаланды.

"Тез өзгөрүүлөр жана белгисиздик мезгили"

Индия менен Пакистандын ортосундагы акыркы чыңалуу жана Израиль менен Ирандын ортосундагы аскердик кагылышуулар боюнча документте бул аймактардын бириндеги олуттуу тирешүү Британиянын энергетикалык коопсуздугуна, жашоо наркына жана экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүнө "терең таасирин" тийгизерин баса белгиледи.

"Борбордук өкмөттүн күчтүү көзөмөлүнө ээ дүйнөдөгү экинчи ири экономика катары, Кытайдан келген атаандаштыктын кыйынчылыгы (...) британ жарандарынын жашоосу үчүн чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн".

Кызматташтык темасында болсо саясат документи "тез өзгөрүүлөр жана белгисиздик мезгилине" көңүл буруп, Улуу Британиянын күчтүү альянстарга ээ болушу мурдагыдан да маанилүү болот" деди.

"Бул биздин стратегиялык атаандаштык артыкчылыгыбыздын негизги булагы бойдон калууда" деп кошумчаланды.

Документте Улуу Британиянын дипломатиялык, гуманитардык, аскерий жана социалдык тармактары аркылуу Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук жана стабилдүүлүккө салым кошууга чечкиндүү экени айтылды.

Израилдиктердин да, палестиналыктардын да тынчтыкта, бакубатчылыкта жана коопсуздукта жашоого татыктуу экени баса белгиленген документте: «Израиль жана эки мамлекеттүү чечимдин бир бөлүгү катары Палестина мамлекетинин алга жылышын каалайбыз” деп билдирилди.

Британиянын ошондой эле "Ирандын туруксуздаштыруучу таасирин токтотууга" жана анын өзөктүк куралдарды өнүктүрүүсүнө жол бербөөгө аракет кылып жатканы сөз кылынды.

Улуу Британия "өлкөнүн ичинде күнүмдүк кыйынчылыктарга" туш болууда"

Отчет жарыялангандан кийин премьер-министр Киир Стармер өлкөнүн "күн сайын кыйынчылыктарга туш болуп жатканын" айтты.

Sky News телеканалына берген маегинде Стармер, Улуу Британиянын «тез-тез жана өтө олуттуу» киберчабуулдардын бутасы болгонун билдирди.

Стармер ошондой эле Орусия-Украина согушунун контекстинде энергетикалык коопсуздукка көңүл буруп Иранды “коркунуч” деп мүнөздөдү.

"Биз бул коркунучтардан туура коргошубуз керек жана биз муну жасайбыз" деп кошумчалады.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү