ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Пекин: Трамп өзүнүн "өзүмчүл" Арктика планы үчүн Кытайды шылтоо катары колдонууда
Пекиндин реакциясы Трамп Гренландияны алуу АКШнын "Орусия же Кытайдын стратегиялык Арктика аймагын көзөмөлгө алуусуна жол бербөө үчүн" зарыл деп айткандан кийин болду.
Пекин: Трамп өзүнүн "өзүмчүл" Арктика планы үчүн Кытайды шылтоо катары колдонууда
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин. / AP

Пекин Вашингтондун Арктика аймагындагы "өзүмчүл" кызыкчылыктары үчүн Кытай менен Орусияны "шылтоо" катары көрсөткөн АКШнын президенти Дональд Трампка реакция кылды. Пекиндин бул билдирүүлөрү менен Гренландияны айтып жатканы болжолдонууда.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин дүйшөмбү күнү: "Арктика аймагы эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыгын көздөйт. Кытайдын Арктикадагы ишмердүүлүгү тынчтыкка жана туруктуулукка, туруктуу өнүгүүгө жана эл аралык укукка салым кошот. Биз АКШнын Кытайды же Орусияны шылтоо катары колдонуу менен өзүмчүл пайда табууга умтулушун жактырбайбыз. Аймакта иштөөгө укугу жана эркиндиги бар бардык өлкөлөр толук урматталышы керек", - деди.

Пекиндин бул сөздөрү Трамп жекшемби күнү Гренландияны алуу АКШ үчүн Данияга таандык стратегиялык Арктика аймагын Орусия же Кытайдын көзөмөлүнө өтүшүнө жол бербөө максатында зарыл экенин жактагандан кийин айтылды.

Трамп Флоридадан Вашингтонго бара жатып журналисттерге: "Эгерде биз Гренландияны албасак, Орусия же Кытай аны алат, мен мунун болушуна жол бербейм... бирок биз кандайдыр бир жол менен Гренландияны алабыз", - деп айткан.

Анадолу агенттигинин Трамптын башка өлкөнүн эгемендүү аймагын басып алуу аракети тууралуу суроосуна Мао: "Мамлекеттер аралык мамилелер БУУнун Уставынын принциптерине ылайык жүргүзүлүшү керек", - деп жооп берди.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду