ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Бельгиянын Льеж шаарында полициянын зомбулугуна каршы акция өттү
Льеж полициясы 1-октябрдан бери 194 адам, анын ичинде 114 жашы жете элек өспүрүмдүн кармалганын жана 43 полиция кызматкери жаракат алганын билдирди.
Бельгиянын Льеж шаарында полициянын зомбулугуна каршы акция өттү
(АРХИВ) Льеж полициясы 1-октябрдан бери 114ү жашы жете элек, 194 адам кармалганын жана 43 полиция кызматкери жаракат алганын билдирген.

Бельгиянын Льеж шаарында мэр Вилли Демейердин коомдук чогулуштарга чектөө киргизүү чечимине жана студенттердин демонстрациялары учурунда полициянын зомбулук көрсөткөнү тууралуу айыптоолорго каршы нааразылык акциялары өттү.

Белга маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, демонстранттар Социалисттик партиянын (СП) штаб-квартирасынын алдына чогулуп, мэрияны көздөй жөө жүрүшкө чыгышты.

Катышуучулар «Бардык жерде полиция, эч жерде адилеттүүлүк жок», «Расисттик полиция — адилетсиздиктин шериги» жана «Досторубузду бошоткула» деген ураандарды чакырышты.

Мэриянын алдында сөз сүйлөгөндөр полициянын зомбулугуна кабылганын билдиришти.

Нааразылык акциясынын катышуучулары мэрдин үчтөн ашык адамдын чогулушуна тыюу салган чечимин сынга алышты.

Ошондой эле адамдарды негизсиз токтотуп, текшерүү жана камакка алуу, кармалган жаштарга медициналык же юридикалык жардам көрсөткөндөргө кысым жасоо учурлары айыпталды.

Билим берүүдө пландалган үнөмдөө чараларына карата нааразылык акциялары

Бельгияда студенттер билим берүү тармагындагы пландалган үнөмдөө чараларына каршы бир катар шаарларда нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Льеж полициясы 1-октябрдан бери 194 адам, анын ичинде 114 жашы жете элек өспүрүм кармалганын жана 43 полиция кызматкери жаракат алганын билдирди.

Шаарда болгон кагылышуулардан кийин мэр Вилли Демейер айрым өзгөчө учурларды эске албаганда, үчтөн ашык адамдын чогулушуна тыюу салды.

Коопсуздукка байланыштуу Льеж университети да шаардын борборундагы имараттарын жапты.

Иликте
Мексикадагы тропикалык бороон-чапкындын кесепетинен алты адам каза болду
Орусия: "Украинанын Киев жана Харьков облустарындагы энергетикалык инфраструктурага сокку урдук"
АКШнын расмий өкүлдөрү миграциялык иликтөөнүн алкагында Илхан Омардын туугандарын суракка чакырды
АКШнын президенти Трамп: "Иранга көргүлүктү көрсөтөбүз"
Палестинанын жерлерин басып алган израилдиктер Батыш Шериада мечитти жана бир унааны өрттөштү
Бельгиянын Льеж шаарында полициянын зомбулугуна каршы акция өттү
Сириянын Хама шаарында куралдуу кол салуудан 4 коопсуздук кызматкери каза болду
Трамп Тайвандын Аляскадагы жаратылыш газын иштетүүчү заводунун 30%ын 20 жылга сатып аларын жарыялады
Француз парламенти сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Максим Прево: Түркия Европанын стратегиялык көз карандылыгын азайтууга жардам бере алат
Индиянын Бихар штатында кайык оодарылып, кеминде 13 бала чөгүп кетти
Араб коалициясы: "Сауд Арабиясынын Аль-Харж провинциясында хуситтердин канаттуу ракетасы тосулду"
Иран: "Оман менен Ормуз кысыгы боюнча зарыл болгон макулдашууга жетиштик"
Президент Эрдоган: "Түркия, Сауд Арабиянын жанында"
Араб коалициясы: "Сауд Арабиянын борбор шаары Рияддын түндүгүндө үч дронду атып түшүрдү"