Сириянын түштүгүндөгү Дера провинциясынын батышындагы элет жеринде Израиль армиясы жүргүзгөн рейд учурунда ок атылып, майыптыгы бар бир жаран каза болду.
Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, Израиль күчтөрү Деранын батышындагы Жамла айылына рейд жүргүзүп, ок атуунун натыйжасында өзгөчө муктаждыгы бар бир жаш жигит каза болду.
СУНУШТАЛАТ
Айылга кирген Израиль армиясы чыгыш тарабындагы конушка жайгашып, турак үйлөрдүн чатырларына снайперлерди жайгаштырды.





















