Вьетнам согушунун эң ири аскердик операциясы болгон Тет чабуулунда курман болгон деп эсептелген жана массалык көрүстөндөн табылган 731 адамдын сөөгү 58 жылдан кийин Хошимин шаарына коюлду.
Сөөктөр үч айлык иш-аракеттерден кийин Хошимин шаарындагы Ле Тхи Рьенг паркындагы массалык мүрзөлөрдөн чыгарылды.
1968-жылы Тет чабуулунда курман болгондорго таандык деп эсептелген сөөктөрдү көмүү үчүн Ле Тхи Рьенг паркында азем өттү.
Вьетнамдын премьер-министри Ле Мин Хунг катышкан аземде 731 адамдын сөөгү Хошимин шейиттери көрүстөнүнө коюлду.
Болжол менен 20 жылга созулган согуш
1955-жылдын ноябрынан 1975-жылдын апрелине чейин болгон Вьетнам согушу 1,3 миллион адамдын, анын ичинде жоокерлердин жана жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген деп болжолдонууда.
Согуш Кытай менен Советтер Союзу колдогон Түндүк Вьетнам менен Америка Кошмо Штаттары колдогон Түштүк Вьетнамдын ортосунда болгон.
Вьетнам согушу Кансыз согуш доорундагы эң оор кагылышуулардын бири.
АКШнын армиясы согушта болжол менен 60 000 жоокерин жоготкону айтылат. Согуштан кийин АКШ Вьетнамдан чыгып кеткен.
1954-жылы Түндүк Вьетнам жана Түштүк Вьетнам деп эки республикага бөлүнгөн өлкө 1976-жылы "Вьетнам Социалисттик Республикасы" катары кайрадан бириккен.
Болжол менен 100 миллион калкы бар Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсү Вьетнамда 30-апрель жыл сайын "Боштондук жана кайра биригүү күнү" катары белгиленет.
1968-жылы январь айында миңдеген коммунисттик партизандар тарабынан Түштүк Вьетнамдын негизги шаарларына каршы башталган Тет чабуулу ошол учурга чейинки согуштун эң ири аскердик операциясы деп эсептелет.

























