ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: "Жасалма интеллект жана технологиялык төңкөрүш дүйнөлүк жумушчу күчүн өзгөртүүдө"
Президент Эрдоган жасалма интеллект жана роботтук технологиялар ишти тарыхый ылдамдыкта өзгөртүп жатканын белгилеп, өлкөлөрдү теңсиздик тереңдеп кеткенге чейин адамдарга инвестиция салууга чакырды
Эрдоган: "Жасалма интеллект жана технологиялык төңкөрүш дүйнөлүк жумушчу күчүн өзгөртүүдө"
Президент Эрдоган өкмөттөр жасалма интеллектке байланыштуу жумуш орундарынын өзгөрүүсүн башкарууга тийиш деп билдирди. Себеби эски кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот, ал эми адам капиталы улуттук күчтү аныктайт.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жасалма интеллект, робототехника жана тез технологиялык өзгөрүүлөр менен шартталган жумушчу күчүнүн трансформациясы өнөр жай төңкөрүшүнүн масштабында экенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү Стамбулда өткөн Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 6-көндүмдөр саммитинде сөз сүйлөгөн Эрдоган өкмөттөр жумуш орундары жоголуп, жаңы кесиптер пайда болуп, адам капиталы улуттук күчтүн чечүүчү элементине айланып жаткан бул өзгөрүүнү туура түшүнүп, башкарышы керектигин айтты.

"Караңгы заводдун реалдуулугуна көз чаптыруу эле биз жумушчу күчүндө өнөр жай төңкөрүшүнө окшош өзгөрүүлөрдүн толкунуна туш болуп жатканыбызды көрүү үчүн жетиштүү", - деген президент, толугу менен автоматташтырылган өндүрүш жайларын, башкача айтканда, караңгы заводдорду жумуш орундарынын канчалык терең өзгөрүп жатканынын ачык көрсөткүчү катары мүнөздөдү.

Жасалма интеллекттин дүркүрөп өсүшү

Президент Эрдоган учурда болжол менен 100 миллиард долларды түзгөн дүйнөлүк робототехника рыногу 2050-жылга чейин 25 триллион долларга жетиши күтүлүп жатканын белгилеп, келечектеги трансформациянын масштабына басым жасады.

Жасалма интеллекттин өсүшү чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо менен бирге, жумушчу күчүн даярдай албаган өлкөлөр үчүн олуттуу социалдык тобокелдиктерди да алып келиши мүмкүн экенин эскерткен Эрдоган, аялдардын, мигранттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин экономикага толук кандуу катышуусуна тоскоол болгон түзүмдүк теңсиздиктерге токтолду.

Президент Эрдоган: «Адамдык капиталынын олуттуу бөлүгүн иштетпей бош калтырган эч бир өлкө чыныгы маанидеги күчтүү өнүгүү кадамын таштай албайт. Бул жөн гана экономикалык маселе эмес, ошону менен бирге социалдык адилеттүүлүк жана узак мөөнөттүү улуттук туруктуулук маселеси болуп саналат», — деди.

Түркия жаштардын ишке орношуусун жана күчтүү жумушчу күчүн калыптандырууну көздөйт

Эрдоган Түркиянын "Түркия кылымы" көз карашы адамдык капиталга, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун, университеттердин, профсоюздар, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коомдун ортосундагы күчтүү координацияга багытталганын айтты.

Президент расмий эмес жумуш менен камсыз болуу 2000-жылдардын башындагы 52 пайыздан 2025-жылы 24 пайызга чейин төмөндөгөнүн, бул өлкөдөгү акыркы 23 жылдагы эмгек рыногундагы эң күчтүү көрсөткүч экенин билдирди. Ал кесиптик окутуу тармактын жана бизнес дүйнөсүнүн муктаждыктары менен дагы жакын иштей тургандай кайра иштелип чыкканын кошумчалады.

Эрдоган: "Биздин максат — алдыдагы 3 жылда 3 миллион жашты жумуш менен камсыз кылуу",- деди.

Президент Эрдоган ошондой эле иштеген аялдардын жумушчу күчүнө катышуусунун көбөйүшү жана иштеген энелердин декреттик өргүүсүн 24 жумага чейин узартуу сыяктуу укуктук жөнгө салуулар аркылуу жетишилген ийгиликтерди белгиледи.

Эрдоган: "Дүйнөлүк геосаясий жана экономикалык динамика өзгөрүп жаткан азыркы шартта биз Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Стамбул борбору маанилүү ролду ойногонун көрүп жатабыз жана биз бул абалдан кубанычтабыз”,- деди.

Иликте
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду