МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
TRT World "Укуктарынан ажыратылган америкалыктар" сериалы үчүн 2025 Telly сыйлыгын алды
Санариптик сериал Пуэрто - Рикодон жергиликтүү резервацияларга жана Вашингтонго чейин созулган, Американын эң ыйык демократиялык добуш берүү укугунан ажыратылган америкалыктарга көңүлдөрдү бурууда.
TRT World "Укуктарынан ажыратылган америкалыктар" сериалы үчүн 2025 Telly сыйлыгын алды
/ Others

Вашингтон — TRT World бул жолу 2025 Telly сыйлыктарында социалдык видео сериалы “Укуктарынан ажыратылган америкалыктар” "(Disenfranchised Americans) менен "Коомдук кызмат жана активизм" категориясында күмүш байгени жеңип алды.

Кызыктуу баяны, чыпкаланбаган күбөлөрү менен бул сериал Пуэрто-Рикодон баштап жергиликтүү резервацияларга, ал тургай Вашингтонго чейин созулган жана үндөрү өлкөнүн эң ыйык демократиялык добуш берүү укугунан ажыратылган миллиондогон америкалыкка көңүлдөрдү бурууда.

ТРТнын АКШдагы бюро башчысы Энес Адли: "Вашингтондогу санариптик командабыздын — Стамбулдагы кесиптештерибиздин берген жардамы менен — дагы бир жолу жогорку колдоого ээ болгонун кубануу менен бөлүшүп жатам",- деди.

Адли командасынын «чексиз эмгегин жана чыгармачыл көз караштарын» мактап: " «Бул таасирдүү аңгемелерди айтып берүүгө болгон берилгендиктеринин адилеттүү баалуулугу»,- деп кошумчалады.

2024 - жылдагы АКШда болгон президенттик шайлоо учурунда TRT Worldнун YouTube, TikTok, Facebook, Instagram жана X сыяктуу санариптик платформаларында жарыяланган үч бөлүктөн турган веб сериал чоң кызыгуу жаратып, аудиториясында талкуу жаратты.

"Оригиналдуу репортаждар жана жеринде жүргүзүлгөн маектер аркылуу бул сериал Америкадагы ар кандай топтордун президентти же Конгресс мүчөлөрүн шайлоо укугунан ажыратылган турмуштук тажрыйбаларын чагылдырат. Максат — саясий тилектештикти глобалдык санариптик аудиторияга жеткирүү," — деп билдирди TRT Worldнун Вашингтондогу аткаруучу продюсери Баба Умар.

“Укуктарынан ажыратылган америкалыктар” TRT Worldнун угулбаган үндөрдү угузуу жана көңүл бурууга татыктуу окуяларды баяндоо боюнча кеңири милдеттенмесинин бир бөлүгү болуп саналат.

Telly Awards — бул дүйнөлүк видео жана телекөрсөтүү сыйлыгы. Анын 46- жылында "13,000ден ашуун кайрылуунун" алынгандыгын белгиледи.

Быйылкы темасы — "Окуялар калыптанып баратат" — бүгүнкү күндүн жаратуучуларынын салттуу баяндоо ыкмаларын жаңы форматтар менен айкалыштырып, видеонун толук спектрин изилдеп жатканын баса белгилөөдө.

Telly Awardsтын башкы директору Аманда Нидхам бир билдирүүсүндө "Быйылкы кайрылуулар мени таң калтырды," — деп билдирди башкаруучу директору Аманда Нидхам өз билдирүүсүндө. "Telly Awardsтын бардык тармактар менен иштешүү мүмкүнчүлүгү бизге платформага, экранга же өндүрүш ыкмасына карабастан чындыгында мыкты видео иштерин алдыга чыгарууда уникалдуу мүмкүнчүлүктү берет.

Бардык эпизоддорду көрүү үчүн "Disenfranchised Americans" бул жерди басыңыз.

Иликте
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газадагы чабуулдарынан 24 саатта дагы 5 адам каза болду
Түркиянын деңиз флотунун күчү Израилди жаңы суу астында жүрүүчү кемелерди сатып алууга мажбурлоодо
Франция Украинага абадан коргонуу системаларын берет
Ирактын премьер-министри Зейди АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио менен жолугушту
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды