САЯСАТ
2 мүнөт окуу
АКШ Сирияга каршы киргизилген 50 жылдык санкцияларды жеңилдетүү жолунда биринчи кадамын таштады
Трамп администрациясы Түркия менен Сауд Арабиянын аракетинен кийин, жарандык согуштан жапа чеккен Сирияга каршы жарым кылымдык санкцияларды жоюу убадасынын негизинде чоң кадамын таштады.
АКШ Сирияга каршы киргизилген 50 жылдык санкцияларды жеңилдетүү жолунда биринчи кадамын таштады
/ Reuters

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жума күнү Сирияга карата кеңири экономикалык санкцияларды расмий түрдө жойгондугун жарыялады. Бул чечим АКШнын Жакынкы Чыгыш саясатында кескин өзгөрүүнү билдирип, согушта талкаланган араб өлкөсүнө кайрадан чет элдик инвестиция тартууга жол ачат.

Бул кадам жума күнү АКШнын Каржы министрлиги тарабынан жасалган билдирүү менен тастыкталды. Билдирүүдө Сирия санкцияларынын жобосуна ылайык мурда тыюу салынган операцияларга уруксат берген жалпы лицензиянын чыгарылгандыгы белгиленди. Бул кадам он жылдан ашык убакыттан бери күчүндө болгон негизги чектөөлөрдү иш жүзүндө жокко чыгарат.

Тышкы иштер жана Казына министрликтери тарабынан көрүлгөн чаралар, Конгресс тарабынан 2019-жылы киргизилген катаал санкцияларды алты айга токтотууга мүмкүндүк берет жана чет элдик компаниялардын Сирияда кандай ишмердүүлүк жүргүзө алаарына байланыштуу АКШнын эрежелерин да кеңейтет.

Казына министри Скотт Бессент: "Президент Трамп убада кылгандай, Казына жана Тышкы иштер министрликтери Сирияга жаңы инвестицияларды стимулдаштыруучу ыйгарым укуктарды ишке киргизүүдө", - деди жана : "Сирия ошондой эле тынчтык жана туруктуулук өлкөсү болуу жолунда алдыга жылууну улантууга тийиш. Бүгүнкү кадамдар өлкөнү жаркын, гүлдөгөн жана туруктуу келечекке багыттайт деп үмүттөнөбүз",- деп кошумчалады.

Түркия менен Сауд Арабиянын ролу

Санкциялардын жеңилдетилиши, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Caesar Syria Civilian Protection Act мыйзамынын алкагында берилген уруксат менен коштолду.

Бул чечим Сириянын кайра курулушуна, айрыкча каржы жана энергетика секторлорунда эл аралык өнөктөштөрдүн жана аймактык союздаштардын катышуусун жеңилдетүүнү максат кылууда.

Казына министрлиги берилген жалпы лицензия жаңы инвестицияларга, финансылык кызматтарды көрсөтүүгө жана Сириянын мунай продуктуларына байланыштуу финансылык операцияларга уруксат берерин билдирди.

Ошондой эле, бул чечим Сириянын жаңы өкмөтү жана мурда бөгөттөлгөн айрым субъекттер менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жакында Жакынкы Чыгышка болгон сапарында президент Дональд Трамп көпчүлүктү таң калтырып, Сирияга карата колдонулуп келген “катуу жана кыйратуучу” санкцияларды алып салуу ниетин билдирген.Бул чечим Түркия жана Сауд Арабиясы сыяктуу аймактык союздаштардын кысымынын натыйжасында кабыл алынган.

Трамп администрациясы жума күнкү берген маалыматында бул кадамдардын “АКШ өкмөтүнүн санкция архитектурасын толук жоюу боюнча кеңири аракеттеринин бир бөлүгү” экендигин билдирди.

Бул санкциялар мурдагы Баас режиминин башкаруучуларына Иранды колдогон куралдуу топторго жардам берүү, химиялык куралдар программасы жана жарандарга карата “зомбулугу” үчүн киргизилген.

Өткөн жылы Асадды бийликтен кетирген өнөктүктөн кийин, Дамасктын жаңы жетекчилиги Батыш өкмөттөрү менен мамилелерди тез арада калыбына келтирип, чет элдик капиталды тартууга аракет кылууда.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү