ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Япония Такаичинин жеңиши менен алгачкы аял премьер - министрин тосуп алууга даярданууда
Санаэ Такаичи ЛДПнын лидерлик жарышында жеңишке жетишип, консервативдүү саясаты жана реформалары менен Япониянын биринчи аял премьер-министри болуу жолунда баратат.
Япония Такаичинин жеңиши менен алгачкы аял премьер  - министрин тосуп алууга даярданууда
Такаичи өлкөнү жетектөө менен бирге улуттук коргонууну жана экономикалык коопсуздукту күчөтүүнү көздөйт. / AP

Жаңы шайланган, консервативдүү көз караштагы Либерал - демократиялык партиянын (ЛДП) жетекчиси Санаэ Такаичи Япониянын тарыхында биринчи аял премьер-министр болууга даярданууда.

64 жаштагы Такаичи ишемби күнү партиянын лидерлик шайлоосунда жеңишке жетишип, улуттук коргонуу жана экономикалык коопсуздукту артыкчылык катары белгилеген катуу позициядагы лидер катары өнөктүк жүргүзгөн.

Такаичи мурдагы премьер-министрдин 44 жаштагы серфингге кызыккан уулу Синдзиро Коизуми жана тажрыйбалуу, бирок харизматикалык эмес Ёсимаса Хаяши сыяктуу атаандаштарын жеңип чыкты.

Шайлоочуларды кайра тартуу максатында, Такаичи иммиграция жана чет элдик туристтер боюнча катуу позицияны карманып, бул маселелер ЛДП лидерлик жарышында негизги темаларга айланды.

Буга чейин Экономикалык коопсуздук министри кызматын аткарган Такаичи Кытайдын Азия-Тынч океан аймагындагы аскердик күчтөрүн көбөйтүп жатканын сынга алып келген. Такаичи өзгөчө согуштук кылмшкерлерди даңазалаган Ясукуни храмына да үзгүлтүксүз зыярат кылып турган жана ушул себептен да Азия өлкөлөрү тарабынан Япониянын өтмүшүнүн символу катары каралган. Бирок акыркы ЛДП жарышында Такаичи сөздөрүн жумшартты. Анткени, өткөн жылы Ясукуниге премьер-министр катары барууга убада берип, акыры Шигеру Ишибага утулган.

Темир айым 2.0

Университетте окуган жылдарында оор металл тобунда барабан каккан Такаичи саясий кумири катары Британиянын маркум премьер-министри Маргарет Тэтчерди көрсөткөн. Токио университетинин ардактуу профессору Садафуми Каватонун айтымында, анын шайланышы "аялдардын саясатка катышуусу үчүн кадам" болсо да, Такаичи патриархалдык нормаларга каршы күрөшүү аракетин көрсөтпөйт.

Такаичинин гендердик көз караштары консервативдүү ЛДПнын оң канатында орун алып, жубайлардын бир фамилияны колдонуусун милдеттендирген 19-кылымдагы мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгууда. Бул мыйзам көбүнчө аялдардын күйөөлөрүнүн фамилиясын алуусун талап кылат. Кавато AFPге бул маселе "анын убагында чечилбеши мүмкүн" деп билдирди.

Муну менен бирге Такаичи шайлоо өнөктүгүндө кабинетиндеги гендердик тең салмактуулукту "Түндүк" деңгээлине жеткирүүгө убада берген. Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2025-жылдагы Гендердик ажырым отчетунда Япония өкмөттө аялдардын өкүлчүлүгүнүн аздыгынан улам 148 өлкөнүн ичинен 118-орунда турса, Исландия, Финляндия жана Норвегия алдыңкы үчтүктө орун алууда.

Такаичи ЛДПнын консервативдүү канатында жана киши колдуу каза болгон мурдагы премьер-министр Синдзо Абэнин тарапташтарынын арасында күчтүү колдоого ээ. Ал саясий устатынын "Абэномика" саясатын чагылдырып, агрессивдүү акча-кредит саясатын жана ири фискалдык чыгашаларды колдойт; эгерде бул саясаттар кайрадан ишке ашырылса, базарларды солкулдатышы мүмкүн.

Ошондой эле ал кылмыштуулук жана чет элдиктердин Японияга тийгизген экономикалык таасири боюнча катуу тынчсыздануусун билдирип, катаал эрежелерди киргизүүгө чакырды; аналисттер муну миграцияга каршы билдирүүлөрдү жасаган жаңы улутчул партияга качкан шайлоочуларды кайтарып алуу аракети деп эсептешүүдө.

Бажы тарифтери боюнча болсо, ал ушул айда катышкан панелде, эгерде келишим Японияга зыян же адилетсиздик алып келе тургандай колдонулса, АКШ менен кайра сүйлөшүүлөрдөн баш тартууга даяр экенин билдирди.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"