ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия Украинанын жүздөгөн дронун атып түшүрдү, Москва каттамдары үзгүлтүккө учурады
Москва менен Киев аң уулоочу мылыктардан тартып сигналды бөгөттөө технологиясына чейин бардык нерсени колдонуп, учкучсуз учуучу аппараттарды өнүктүрүү, жайгаштыруу жана аларды зыянсыздандыруу боюнча жарышууда.
Россия Украинанын жүздөгөн дронун атып түшүрдү, Москва каттамдары үзгүлтүккө учурады
/ Reuters

Россия абадан коргонуу системаларынын өлкөнүн ар кайсы аймактарында Украинага таандык кеминде 232 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирди. Булардын айрымдарынын Москвага чейин жакындагандыгын жана каттамдардын коопсуздугун түзүү максатында борбор шаардын аэропортторунун кыска убакытка жабылгандыгын жарыялады.

Россия, Украина, АКШ жана Ервопа күчтөрү Украинадагы үч жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан согушту токтотуунун жолдорун талкуулап жаткнада дрондор согушу да улантылууда жана фронт аянтынын айрым аймактарында кагылышуулар күч алууда.

Россиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү берген маалыматында эң көп Украина чек арасына жакын батыш аймактарында 232 Украина дронунун жок кылынгандыгын билдирди. Москва айланасындагы аймактары менен бирге 21 миллион калк жашаган шаар.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор шаарга карай багыт алган үч дрондун жок кылынганын жана бул учурда үч чоң аэропорттун каттамдарын убактылуу токтотконун, кийин кайра ишин уланткандыгын айтты.

Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок бирок Украинанын аскерлери дрондорунун Россиянын Орёл облусундагы Болховский жарым өткөргүчтөр заводуна сокку урганын билдирди. Бул заводдун орус аскердик учактары жана ракета өндүрүүчүлөрүн жабдулар менен камсыздагандыгын билдирди.

Жаңы дрондорду иштеп чыгуу

Жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган Украинадагы согуш эки тараптын тең өндүрүш ишканаларын үзгүлтүккө учуратуу максатында дрондорду колдонуу менен учкучсуз учуучу аппараттардын инновациясынын борборуна айланды.

Москва менен Киев жаңы дрондорду сатып алуу жана иштеп чыгуу, аларды жаңы ыкмалар менен колдонуу жана аларды жок кылуунун жаңы жолдорун издөө аракетинде: фермерлердин мылтыктарынан тартып электрондук сигналдарды бузууга чейин.

Аскерлер дрондорго каршы инстинктивдүү бир коркуу бар экендигин билдиришти жана эки тарап тең өлүмгө алып келген соккулардын видеолорун пропагандада колдонууда. Бул видеолордо аскерлер дааратканада жарылып же күйүп жаткан унаалардан качкан учурлар бар.

Россиянын Коргоо министрлиги күчтөрүнүн фронт боюнча маанилүү жерлерде алдыга жылып жатканын билдирди, ал эми Россияга жакын согушту колдогон блогерлер Россиянын Украинанын чыгышындагы Донецк облусундагы Покровск жана Покровск жана Константиновканын ортосундагы Украина тилкелерин басып өтүшкөнүн айтышты.

Reuters бул ырастоолорду тастыктаган жок.

Президент Владимир Путин шейшемби күнү Россиянын батышындагы Курск облусуна барды. Өткөн айда орус аскерлери бул аймактан Украинанын аскерлерин сүрүп чыгарган.

Путин 2022-жылдын февраль айында Украинага он миңдеген аскерди жөнөткөн жана азыркы учурда Россия өлкөнүн бештен бир бөлүгүн көзөмөлдөөдө.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти