ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
Аспендос байыркы шаарындагы казуу иштерин жүргүзгөн топтун башчысы Мустафа Билгин, аталган жолдун туурасы 3-5 метрге чейин өзгөргөнүн жана болжол менен 1 метр тереңдикте канализация системасы бар экенин айтты.
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
Жээктеги Памфилия аймагынын эң маанилүү байыркы шаарларынын бири болгон Аспендосто археологиялык казуу иштери 2022-жылдан бери жүргүзүлүп келет. / AA

Түркиянын Жер Ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан Антальядагы Аспендос байыркы шаарында театрга жана акрополго алып баруучу 2000 жылдык байыркы жол табылды.

Памфилия жээк аймагынын эң негизги байыркы шаарларынын бири болгон Аспендостогу казуу иштери Афйон Кожатепе университетинин Археология бөлүмүнүн башчысы Мустафа Билгиндин жетекчилиги астында 2022-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Тарыхый изилдөөлөр Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин «Келечекке мурас» долбоорунун алкагында жаңы күчкө ээ болду.

Казууларда театр менен акрополду бириктирген байыркы жолдун болжол менен 300 метрлик бөлүгү, жакшы сакталган набайкана, коомдук имараттар, турак үйлөр, монументалдуу дарбаза жана өнүккөн инфраструктура системалары сыяктуу маанилүү табылгалар чыгарылды.

Билгин Анадолу агенттигине берген маегинде театры жана акведуктары менен көптөн бери белгилүү болгон байыркы шаардын эми конокторго акрополдо жайгашкан монументалдык курулуштары менен жаңы тажрыйба сунуштай турганын билдирди.

Билгин эки жылдык казуу иштеринен кийин Театр көчөсүндөгү иштердин аяктап баратканын айтып: "Конокторубуз эми театрдан байыркы жол менен акрополго чыга алышат. Бул байыркы мезгилдердеги Аспендостун эң көп колдонулган шаардык транспорттук негизги жолдорунун бири болгон. Биз көбүнчө коомдук имараттарды, жеке турак жайларды жана көчөнүн боюндагы монументалдык дарбазаны ортого чыгардык",- деди.

Финикия монеталары жана айнек атыр бөтөлкөлөрү табылды

Билгин ошондой эле казуу иштери учурунда Аспендостун соода турмушу жөнүндө маанилүү табылгаларды табышкандарын айтып, эки кабаттуу дүкөндөрдөн жана стоа комплексинен аймакка гана тиешелүү финикия тыйындары жана айнек атыр бөтөлкөлөрүнүн табылганын билдирди.

Бул табылгалар Аспендостун Сирия жана Палестина сыяктуу Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактары менен болгон соода байланыштарын көрсөтөрүн баса белгилеген Билгин, табылган набайкана болсо байыркы доордогу күнүмдүк турмуш жана архитектура тууралуу маанилүү маалыматтарды берерин кошумчалады.

Иликте
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту
Россиянын Украинада түнкүсүн жасаган кол салуусунда бир адам каза болуп, 15 адам жаракат алды
Эгей деңизинде 39 мыйзамсыз мигрант кармалды, 8 адам куткарылды
Чехия бүтүндөй мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салууда
АКШнын Иранга кол салуулары улантылууда жана Кешм аралында жарылуулар болду
Түрк балмуздагы дүйнө элдеринин табитин ачууда
Түркиянын чыгышында 5 баллдык жер титирөө болду
Венесуэладагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны өсүүдө: 5,069 адам каза болду
Украинанын дрондук учактарынын чабуулунан Россияда жети адам каза болуп, 24 адам жаракат алды
Зеленский Одесса шаары жана Запорожье аймагындагы кол салууларда төрт адамдын каза болгонун билдирди
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар