Пакистандын Белужистан аймагындагы террордук чабуулдарда каза болгондордун саны 250гө жетти

Пакистандын Белужистан провинциясындагы координацияланган бир катар террордук чабуулдар көптөгөн жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин өмүрүн алды. Бийликтер терроризмге каршы операциялар уланып жатканын билдиришти.

By
2026-жылдын 1-февралында Кветта шаарынын четиндеги жолдо террорчулардын кол салуусунан кийинки күнү күйгөн унаанын жанынан өтүп бара жаткан адамдар. / AFP

Бир коопсуздук кызматкеринин билдиргенине караганда, ишемби күндөн бери Пакистандын Белужистан аймагында террористтер тарабынан координациялуу жүргүзүлгөн кол салууларда 250дөн ашуун киши каза болду. Өкмөт күчтөрү кол салуучуларды куугунтуктагандыктан кагылышуулар да улантылууда.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү чет элдиктер менен жергиликтүү болбогон пакистандыктарга жана коопсуздук күчтөрүнө карата бат - бат куралдуу кол салуулар жасалган, Афганистан жана Ирандын чек арасындагы минералдарга бай аймакта ондогон жылга созулган Белуч козголоңу менен күрөшүүдө.

Шаршемби күнү аты-жөнүн жашырган бир жогорку мартабалуу жетекчи AFPге билдиргендей «терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө 197 террорист жок кылынды».

Жогорку мартабалуу жетекчи Белужистанда координациялуу түрдө жасалган кол салууларда кеминде 36 жаран жана 22 коопсуздук кызматкеринин өлтүрүлгөнүн да сөздөрүнө кошумчалады.

Террористердин дем алыш күндөрү банктарга, түрмөлөргө, милиция бөлүмдөрүнө жана аскердик объектилерге кол салуусунан кийин айрым аймактарда азыр да үзгүлтүксүз кагылышуулар болуп жатат.

'Жийиркеничтүү жана коркоктук'

Белужистандын башкы министри Сарфраз Бугти жекшемби күнү Кветтада өткөн басма сөз жыйынында чабуулга кабылган бардык аймактардын ​​террористтерден тазаланганын билдирди.

"Биз аларды кууп жатабыз, алардын оңой эле качып кетишине жол бербейбиз", - деди Бугти.

Провинциянын эң активдүү куралдуу сепаратисттик тобу болгон Белужистандын боштондук армиясы (ББОА) AFP агенттигине берген билдирүүсүндө чабуулдар үчүн жоопкерчиликти моюнга алды.

АКШ тарабынан террористтик уюм деп табылган топ куралдуу кол салуу жана жанкечтилик бомбалар колдонулган кол салууларда аскердик объектилер менен бирге полицияны жана жарандык кызматкерлерди бутага алганын билдирди.

Акыркы жылдары ББОА башка провинциялардан келген пакистандыктарга жана аймакта иштеген чет элдик энергетикалык компанияларга каршы чабуулдарын күчөттү.

Өткөн жылы террористтер 450 жүргүнчүнү ташыган поездге кол салган. Окуя эки күнгө созулган өлүмчүл курчоого себеп болгон.

Шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюму акыркы чабуулдарды "жийиркеничтүү жана коркоктук" деп мүнөздөдү.