ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
WFP донорлордун жардамынын азайышы миллиондогон адамдарды ачарчылыкка түртүп жатканын эскертти
Өткөн жылы 10 миллиард доллар каражат алган БУУнун Азык-түлүк программасы (WFP) быйыл 40% азыраак каржылоо күткөнүн жарыялап, бул бюджеттин болжолу 6,4 миллиард долларды түзөрүн билдирди.
WFP донорлордун жардамынын азайышы миллиондогон адамдарды ачарчылыкка түртүп жатканын эскертти
WFP донорлордун жардамынын азайышы миллиондогон адамдарды ачарчылыкка түртүп жатканын эскертти / Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жардамы боюнча агенттиги шаршемби күнкү билдирүүсүндө, негизги донорлордон каржылоонун кескин кыскарышы анын алты өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгенин жана 14 миллионго жакын адам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

БУУнун эң көп каржыланган агенттиги болгон Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жаңы отчетунда быйылкы каржылоо “эч качан мынчалык оор болгон эмес” деп белгиледи. Бул негизинен Трамп администрациясы учурунда АКШ жана башка алдыңкы Батыш донорлорунун каржылоону кыскартуулары менен байланыштуу.

Агенттик жардам алган 13,7 миллион кишинин каражаттын кыскарышынан улам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскертти. "Чоң үзгүлтүккө учураган" өлкөлөргө Ооганстан, Конго Демократиялык Республикасы, Гаити, Сомали, Түштүк Судан жана Судан кирет.

Аткаруучу директор Синди Маккейн: "Биз миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуучу жардамдын көз алдыбызда жок болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул жөн гана каржылык ажырым эмес; биз эмне кылышыбыз керек жана эмне кыла ала турганыбыздын ортосундагы реалдуу ажырым. Ачарчылыкка каршы күрөштөгү ондогон жылдар бою жетишилген прогрессти жоготуу коркунучунда турабыз", - деди.

Римде жайгашкан агенттик, дүйнөлүк ачарчылык ансыз деле рекорддук деңгээлде экенин жана 319 миллион адам курч азык-түлүк коопсуздугуна туш болуп жатканын, анын ичинде 44 миллиону өзгөчө деңгээлде экенин билдирди. Газа тилкесинде жана Суданда ачарчылык болуп жатканы да айтылды.

Афганистанда азык-түлүк жардамдары азык-түлүк коопсуздугууна дуушар болгон адамдардын 10 пайызынан азыраагына жетип жатат, башкача айтканда алар кийинки тамактары кайдан келерин билишпейт.

WFP быйыл АКШдан болжол менен 1,5 миллиард доллар алууну күтүп жатканын, бул өткөн жылдагы 4,5 миллиард долларга жакын көрсөткүчтөн кыйла төмөн экенин айтты. Ошондой эле башка негизги донорлордун да каржылоону кыскартканын кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун миграция, саламаттыкты сактоо жана качкындар агенттиктери сыяктуу көптөгөн уюмдары быйыл ири донорлордон колдоонун азайышынан улам жардам жана кызматкерлердин санынын олуттуу кыскарганын жарыялашты.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди