ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Филиппиндин жээктерине "Фенгшен" тропикалык бороону жакындап миңдеген адам эвакуацияланды
Филиппинде "Фенгшен" тропикалык бороонунун катуу шамалы жана нөшөрлөгөн жамгыры күтүлүп жаткандыктан, жогорку тобокелдиктеги аймактарды эвакуациялоо буйругу берилди.
Филиппиндин жээктерине "Фенгшен" тропикалык бороону жакындап миңдеген адам эвакуацияланды
Филиппиндин жээктерине Фэншэн тропикалык бороону жакындап, миңдеген адам эвакуацияланды / Reuters

Адистердин тропикалык бороон “Фенгшендин” жээкте суу ташкынына себеп болору боюнча эскертүүсүнөн кийин Филиппинде миңдеген киши ишемби күнү Тынч океандын жээгиндеги үйлөрүн таштап кетишти.

Өкмөттүк аба ырайы агенттигинин маалыматы боюнча, бороон ишемби күнү кечинде 270 000 калктуу жакыр арал болгон Катандуанеске барышы күтүлүүдө.

Адистердин айтымында бороон жекшемби күнү эрте менен Лузон аралына да барат.

Фенгшендин катуу жамгыр жаадырышы жана толкундардын жээкке урулуп, 1-2 метрге чейин көтөрүлүшү менен "минималдуудан орточо деңгээлге чейин" суу ташкыны коркунучун жаратышы күтүлүүдө.

Жергиликтүү кырсыктар боюнча органдардын билдирүүсүнө ылайык, чыгыштагы Албай провинциясынан 17 000ге жакын жана коңшу Катадуанес аралынан 9 000ден ашуун адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Куткаруу кызматкери Герри Рубио AFPге берген маегинде, Катандуанес провинциясынын администрациясы жергиликтүү бийликтерге жээк аймактары, ойдуң жерлер жана жер көчкү коркунучу бар кэңиштер сыяктуу "жогорку тобокелдик аймактары" үчүн эвакуация пландарын "ишке киргизүүгө" буйрук бергенин билдирди.

Жыл сайын болжол менен 20 бороон-чапкын жана тайфун болгон Филиппин миллиондогон адам жакырчылыкта жашаган аймак.

Окумуштуулардын айтымында, бороон-чапкындар климаттын өзгөрүшүнөн улам күчөп баратат.

Филиппиндер акыркы үч аптада кеминде 87 адамдын өмүрүн алган бир катар катуу жер титирөөнүн кесепеттерин дагы деле сезип жатат.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту