ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин Трампты эскертти: Tomahawk ракеталары Украинага берилсе карым - катнаштарга зыян келтирет
Россиянын президенти Трампка Tomahawk ракеталары Киевге бериле турган болсо согуштун жүрүшүн өзгөртпөй турганын бирок дипломатиялык карым - катнаштар менен тынчтык үмүтүнө олуттуу зыян келтирерин айтты.
Путин Трампты эскертти: Tomahawk ракеталары Украинага берилсе карым  - катнаштарга зыян келтирет
Путин АКШ Украинага “Томагавк” ракеталарын берсе Россия - АКШ карым - катнашына доо кетирин айтты. / Reuters

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трампка Украинага алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын берүү Москванын - Вашингтон карым - катнаштарына зыян келтирерин айтты.

Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков бейшемби күнү Москвада өткөн пресс - жыйынында: “Путин Tomahawk ракеталарынын согуш аянтындагы абалды өзгөртпөй турганын, бирок өлкөлөрүбүздүн арасындагы карым - катнаштарга жана Украинада тынчтыкчыл чечүүчү жол ыктымалдарына олуттуу зыян келтирерин кайталады”,- деди.

Ушаков эки лидердин ортосундагы болжол менен эки жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүсүнүн “ар тараптуу, ошол эле учурда жылуу жана сырдуу болгонун" белгиледи.

Путин Украинадагы согушка өзгөчө басым жасап Трампка "учурдагы кырдаалга байланыштуу кенен баа берүүнү"сунуштаганын билдирди.

Кремлдин расмий өкүлүнүн айтымында, Москва Вашингтонго орус күчтөрү фронтто «толук стратегиялык демилгеге» ээ экенин билдирген, ал эми Трамп кагылышууда «ылдам түрдө тынчтыкка жетишүүнүн» зарылдыгын бир нече жолу баса белгиледи.

Эки лидердин дагы бир бетме-бет сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкандарын жана эки тараптын расмий өкүлдөрү саммитке дароо даярдык көрүү боюнча макулдашкандарын белгиледи; жолугушуу жери катары Будапешттин алдыга чыкканын айтты.

Путин менен Трамп акыркы жолу август айында Аляскада өткөн саммитте жолугушкан бирок андан бери тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эч кандай жылыш болгон жок.

Трамп бул процессте НАТО союздаштары менен координацияны жана Москвага карата кысымды күчөтүүгө аракет кылды. Буга орус мунайын сатып алууну токтотуу чакырыгы да кирет.

Бейшемби күнкү жолугушуудан кийин Трамп "Truth Social" сайтына Путин менен Венгрияда "согушту токтотуунун жолдорун талкуулоону" пландап жатканын жана эки тараптын жогорку деңгээлдеги делегациялары келерки аптада жолугушаарын жазды.

Жолугушуу Трамптын жума күнү Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөрө турган жыйындан мурун болду. Негизги күн тартибинде абадан коргонуу жана алыс аралыкка атуучу курал системаларынын орун алышы күтүлүүдө.

Трамп бул айдын баштарында Зеленскийдин сентябрь айында билдирген талаптарынын негизинде Tomahawk ракеталарын Киевге өткөрүп берүүнү же бербөө тууралуу чечим чыгаруу этебына келгенин айткан.

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр