Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бельгияга сапарынын алкагында борбор шаар Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушту.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык, министр Фидан Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Рютте менен жолугушуу өткөрдү.
НАТОнун басма сөз катчысы Эллисон Харт өзүнүн X социалдык медиа аккаунтунда жолугушуу тууралуу билдирүү жасады.
Харт: "НАТОнун башкы катчысы Рютте менен тышкы иштер министр Фидан Кара деңиздеги кырдаалды кошо алганда, учурдагы коопсуздук абалын жана Түркиянын НАТОнун коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө кошкон олуттуу салымын талкуулашты", - деп айтты.






















