МАДАНИЯТ
3 мүнөт окуу
Имам Газалинин мүрзөсү уроо алдында турат
Ислам дүйнөсүнүн  улуу аалымдарынын бири Имам Газалинин Ирандагы күмбөзү табылгандан бери 15 жыл өтсө да калыбына келтирүүнү күтүп жатат
Имам Газалинин мүрзөсү уроо алдында турат
Газалинин мүрзөсү / TRT Global
28 Февраль 2025

2007 -  жылдын ортолорунда  жергиликтүү бир тургун жайыт катары колдонгон бир аянтта жүргүзүлгөн казууда мусулман дүйнөсүнүн  эң чоң казыналарынын бири ортого чыкты. Бардык мезгилдердин эң илимдүү мусулман аалымдарынын  бири катары кабыл алынган, көп тараптуу ойчул Аль Газалинин жоголгон мүрзөсү.

Мүрзөсү Ирандын эли көп экинчи шаары Мешхедден  24 километр алыстыктагы тарыхый Туш шаарынан табылган. Бул табылга дүйнөнүн жаратылышы тууралуу Аристотелдик көз карашка каршы чыккан жана Хужжатул Ислам (Ислам далили) наамына ээ болгон бул улуу ойчулдун акыркы жайын табуу аракеттерин токтотту. Бирок мүрзө табылгандан бери 15 жыл өткөнүнө карабастан  алигече жаңылоо жана оңдоп  - түзөө иштерин күтүп жатат. Табияттын кесепетинен улам мүрзөнүн пайдубалы зыян тарткан. 1111 – жылы 53 жашында каза болгон Эбу Хамид Мухаммед Бин Мухаммед Аль Газалинин мүрзөсү тирүү кезиндеги жетишкендиктери үчүн татыктуу болгон улуулукту жана урмат сыйды   көрө элек.

Көмүлгөн тарых

 Мүрзөнүн табылышынын кызыктуу баяны бар. Жергиликтүү тургун адис болбогонуна карабастан улуу прес акыны Фирдоуси жашаган жана белгилүү чыгармасы Шахнамени  жазган Тустун тарыхын билген.

Жайыттагы дөңчөгө кызыккан тургун, дөңсөөнүн үстүн казат жана байыркы курулуштарга таандык идиштерди табат. Ушул боюнча жергиликтүү башкаруучуларга кабар берет жана аймакка изилдөө жүргүзүү үчүн бир топ жиберилет.

Бул топ Аль Газалинин мүрзөсүнүн үстүндөгү куполдун пайдубалын биринчилерден болуп табат. Мүрзө азыркы учурда Ирандын эң чоң  фонду болгон Астан Кудс Разави тарабынан башкарылган фонддун аянтына жакын жерде жайгашкан. Аль Газалинин мүрзөсү турган жер кылымдардан бери ислам аалымдары жана адистердин арасында талаш  - тартыштарды жаратып келген. Буга чейин кызыгууларды тарткан бир нече мүрзөнүн кийинчерээк бир гана монменталдуу мүрзө экендиги ортого чыгат. Мисалы булардын бири табылган мөрзөгө бир канча килдометр алыстыкта, Аббаси халифеси Харун ел Решид тарабынан курулгандыгы болжолдолгон Харуниййе аттуу бир медресенин короосунда. Бирок мүрзөнүн үстүндөгү теологдун аты жана  башка маалыматтар жазылган жазуу анын аныктыгын кабыл алды. Аль Газали менен бирге төрт шакиртинин мүрзөсү да жакын жерлерден табылган.

Селжук стили

Селжуктардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен алгач сегиз бурчтуу болуп курулган куполдун пайдубалы бул жердин бир кездеги көрүнүшү жөнүндө түшүнүктү берет. Бул жер 13-кылымдын биринчи жарымында бул жерлерден өткөн монгол баскынчыларынын кыйратуусуна туруштук берген эмес. Куполдун бузулган абалы ошол мезгилдеги коогалаңдуу мезгилдерге күбө.

Бирок бүгүнкү күндө мүрзө кароосуз калгандай көрүнөт. Жаракаларды жашыруу үчүн бир нече жаман шыбактан башка, бул археологиялык кенчти калыбына келтирүү үчүн эч нерсе жасалган эмес.

Ирандын тарыхый жактан маанилүү мүрзөлөрдү сактап калуу аракети менен белгилүү экендиги эске алынганда, бул кайдыгерлик таң калтырууда.

Иран фонддор жана кайрымдуулук уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Иранда  8167 имамзаденин (он эки имамдын уулдары же неберелери) күмбөзү бар. Кээ бир булактарга караганда, Имамзаде күмбөздөрү катары таанытылган күмбөздөрдүн көбү 1979-жылдагы Иран революциясынан кийин ортого чыккандыгы болжолдолууда.

 Газалинин мүрзөсү бүгүнкү абалы боюнча жалгыз эмес. Ушул эле географиянын дагы бир маанилүү инсаны болгон фарс аалымы Низамулмүлктүн мүрзөсү да жакшы абалда эмес, бирок Газалинин мүрзөсүнө караганда жакшыраак абалда деп айтууга болот. Белгилүү болгондой, бул эки ысымдын ислам цивилизациясынын тарыхында өзгөчө орду бар.

Низамүлмүлктүн ислам мамлекети философиясы боюнча таасири жана  Газалинин ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири талашсыз.

Кылымдар мурун Аль Газали  муну айткан: "Урматтуу досум, сенин жүрөгүң жылмаланган күзгү. Сен ага чогулган чаң пардасын тазалооң керек, анткени ал илахий сырлардын нурун чагылдыруу үчүн жаратылган".

Акырында мүрзөсүндөгү чаң жана жөргөмүш желеси тазаланганда, балким да  Аль Газалинин өмүрү жана эмгектери  анын окууларына мурдагыдан дагы көп муктаж болгон дүйнөгө чагылдырылат.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү