Изникте кыргыз жоокерлери эскерилди
МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Изникте кыргыз жоокерлери эскерилдиТүркиядагы кыргыздар Изник шаарында курман болгон Кыргыз жоокерлерин эскерүү үчүн чогулушту жана кеңири масштабдуу иш-чара өткөрүштү.
Изник

Түркиядагы кыргыздар Изник шаарында курман болгон Кыргыз жоокерлерин эскерүү үчүн чогулушту. Бул иш- чараны Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу уюштурду. Иш-чарага Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, Бурса провинциясынын Изник районунун акими Ариф Караман, Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста, КРнын Стамбулдагы башкы консулу Чынгыз Токтобеков, КРнын Анталиядагы башкы консулдугунун өкүлдөрү жана Түркиянын ар тарабынан келген кыргыз жарандары менен Изник шаарынын тургундары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кубанычбек Өмүралиев Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун бейформал саммитинде түрк дүйнөсүндөгү жарандардын бири-биринин музейлерине бирдей баада кирүүсү жана түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн жарандары ички паспорт (ID карт) менен саякат жасоосуна карата сунуш киргизилип, күн тартипке алынганын айтты.

Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын эгемендигин биринчи тааныган өлкө Түркия болгонун айтып, бул жерде өз мамлекетиңерде жүргөндөй жүрөсүздөр. Ар жыл сайын май айында Түркиядагы кыргыздар Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүндө жолугушуп, курмандык чалышат жана шейит аскерлерге Куран түшүрүшөт. Бул сапар да, ошондой куран окутуп келдик. Жаткан жерлери жайлуу болсун!-деди.

Эскерте кетсек, Осмон империясынын экинчи падышасы Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин салымы өтө чоң болгон. Шаар толук алынгандан кийин ал атайын Кыргыздар үчүн күмбөз салдырганы айтылат.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"