САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Кытайдын аскердик күчтөрү Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Кытай армиясынын өкүлүнүн айтымында, деңиз, аба, кургактык жана ракеталык күчтөрдүн биргелешкен машыгуулары "Тайвандын көз карандысыздыгы үчүн олуттуу эскертүү жана күчтүү тоскоолдук" болуп саналат.
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
An image of Taiwan is seen in this screenshot taken from a video titled "Subdue Demons and Vanquish Evils", released by the Eastern Theatre Command of China's People's Liberation Army (PLA) on April 1, 2025. / Photo Eastern Theatre Command/Handout via Reuters / Reuters

Кытай армиясы шейшемби күнү Тайвандын айланасындагы сууларда кеңири масштабдуу машыгууларды баштагандыгын жарыялап, өзүн өзү башкарган аралды көз карандысыздык изденүүсүнөн баш тартуусу боюнча дагы бир жолу эскертти.

Элдик боштондук армиясынын Чыгыш командирлигинин катчысы Ши Йи биргелешкен машыгуунун деңиз, аба, кургактык жана ракета күчтөрүн камтыгандыгын жана булардын “Тайвандын көз карандысыздык аракетерине каршы олуттуу эскертүү жана күчтүү чектөө” экендигин айтты.

Пекин Тайванды өз аймагы катары карап керек болгон учурда күч колдонуу менен көзөмөлгө ала аларын жактаса, Тайвандагы коомчулук бул тема боюнча экиге бөлүндү. Айрым тайвандыктар өз алдынча демократиялык статусун колдосо, айрымдары да Кытай менен кайра биригүүнү колдоп жатат.

Тайвандын Улуттук коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү таңкы саат 6дан шейшемби күнү таңкы саат 6га чейин аралдын айланасында Кытайдын 19 аскердик кемесин аныктагандарын билдирди.

Министрлик Кытайдын Шандонг учак конуучу кемесинин кыймылына ишембиден бери көз салып жатканын жана учак конуучу кеме тобунун Тайвандын өзү белгилеген абадан коргонуу идентификациялык аймагына киргендигин билдирди.

“Тайвандын айланасында ишке ашкан бул кыймылдар аймактык тынчтык жана туруктуулукту бузганын ачыкча көрсөтүүдө”,- деген Тайвандын коргоо министри Веллингтон Ку машыгууларды көзөмөлдөө үчүн борбордук жооп тобун түзүшкөндөрүн жарыялады.

Кытайдын Жээк коопсуздугу да шейшемби күнү Тайвандын айланасында "күзөт патрулун” жүргүзгөндүгүн жарыялады.

Бул машыгуулар Пекиндин март айынын ортосунда Тайванга чоң учкучсуз учуучу аппарат жана кеме флотун жибергенден эки жумадан кийин ишке ашууда.

Кытайдын Тайвань соттук иштери боюнча кеңсеси машыгуулардын түздөн-түз Тайвандын президенти Лай Чинг- теге багытталгандыгын билдирди.

“Лай Чин-те Тайвандын көз карандысыздыгын жактап жатат, Кытайды “чет элдик душман күчү” деп мүнөздөөдө жана “17 беренелик стратегияны” сунуш кылып Кытайга каршы сезимдерди козутуу”,- деп белгиленген билдирүүдө : “Мындай кыймылдарды кабыл албайбыз жана буларга каршы чыгуу менен катуу түрдө чара көрүшүбүз керек”,- деп айтылды.

Март айында Лай Тайвандын улуттук коопсуздугун бекемдөө үчүн 17 беренеден турган стратегияны сунуштаган. Бул стратегия тыңчылык соттук иштеринин аскердик соттордо каралышын жана Кытай жарандарынын туруктуу жашоого уруксат берүү эрежелерин катаалдаштыруу эрежелерин камтууда.

Кытайдын Элдик боштондук армиясы машыгууларды жарыялоо үчүн бир катар видеолорду чыгарган, анын ичинде Лайды аралды “ууландырган” жашыл паразит катары сүрөттөгөн видео да бар. Видеодо Лайдын башы чоң жашыл сөөлжандын денесине жайгаштырылып, андан кийин кармалып Тайвань картасынын үстүндөгү чокто бышырып жаткан көрүнүш тартылган.

Пекин Тайвандын коргонуусун жана моралдык абалын начарлатууга аракет кылып, аралга күн сайын аскердик учактарды жана деңиз флотунун кемелерин жөнөтүүдө. Бирок аралдын 23 миллиондук калкынын көпчүлүгү Кытайдын Тайванга карата эгемендүүлүк дооматтарын четке кагууда. Акыркы жылдарда Пекин мындай аскердик аракеттеринин масштабын кеңейтип, аскердик учактарды гана эмес, учкучсуз учуучу аппараттарды ​​жана кемелердин флотторун да жөнөтө баштады.

Кытайдын Улуттук Коргоо Университетинин профессору Чжан Чи мамлекеттик CCTV телеканалына берген маегинде "Кытай Элдик боштондук армиясы деңиз жана аба күчтөрү менен деңизден жана кургактыктан чабуулдарды репетициялоодо. Бул машыгуулардын максаты Тайвандык бийликтердин кээ бир маанилүү буталарына көп тараптуу так сокку уруу жөндөмүбүздү сыноо”,- деди.

Кытайдан келген коркунучтар менен бетме - бет келген Тайвань АКШдан жаңы ракеталарды, учактарды жана башка курал-жарактарды сатып алып, өзүнүн коргонуу өнөр жайын бекемдеп жатат.

Тайвань менен Кытай 76 жыл мурун жарандык согуштун натыйжасында бөлүнгөн бирок акыркы жылдары эки өкмөттүн ортосундагы байланыштардын токтошу менен чыңалуу кайрадан күчөдү.

 

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет