ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Судандагы алтын кени кыйрап, алты киши каза болду жана ондогон киши кендин ичинде калды
Урандылардын астында калган кенчилерди куткаруу операциясы уланууда.
Судандагы алтын кени кыйрап, алты киши каза болду жана ондогон киши кендин ичинде калды
Майда кен казуу Судандын алтынынын сексен пайызын ээлейт. [Архивдик сүрөт] / Reuters

Судан дарыгерлер желеси жума күнү кечинде Түштүк Кордофандагы алтын кенинин кыйрашынан улам алты киши каза болуп, 12 адам жаракат алып, ондогон адамдын дайынсыз жоголгонун билдирди.

Бейөкмөт уюм жума күнү кечинде жарыялаган билдирүүсүндө, Абу-Жубейха аймагындагы алтын кенинде болгон кырсыкта алты кенчи каза болуп, 12си жараланганын жана билдирүү жасалган учурда көптөгөн кенчинин уранды астында калганын кабарлады.

Уюм куткаруу иштерин күчөтүүнү жана жаракат алгандарга тез медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылды.

Топ ошондой эле мындай кырсыктардын кайталанбашы үчүн өкмөттүн кенчилерди коргой турган чараларды көрүшү керектигин баса белгиледи. Коопсуздук стандарттарын белгилөө, тренингдерди өткөрүү жана үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө чакырыган уюм, мекемелик шалаакылык жана мыйзамдардын аткарылбашы кенчилердин өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын айтты.

Билдирүүдө күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы жана ушул сыяктуу трагедияларды алдын алуу үчүн конкреттүү кадамдардын ташталышы керектиги да белгиленди.

Чакан масштабдагы алтын казуу тармагы Судан боюнча көбүнчө өтө оор шарттарда 2 миллиондон ашык адамды иш менен камсыз кылууда жана өлкөнүн жалпы алтын өндүрүшүнүн болжол менен 80 пайызын түзөт.

Судан өкмөтү кол менен кен казууга тыюу салбайт, бирок аны жөнгө салууга аракет кылат. Кемчиликтерине карабастан, бул тармак көптөгөн судандыктарды жумуш менен камсыз кылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошууда.

Судан 2011-жылы Түштүк Судандын бөлүнүп, мунай кирешесинин төрттөн үчүн жана валюта булактарынын болжол менен 80 пайызын жоготкондон кийин, маанилүү валюта булагы катары алтынга чоң көз каранды.

Иликте
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда