ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Судандагы алтын кени кыйрап, алты киши каза болду жана ондогон киши кендин ичинде калды
Урандылардын астында калган кенчилерди куткаруу операциясы уланууда.
Судандагы алтын кени кыйрап, алты киши каза болду жана ондогон киши кендин ичинде калды
Майда кен казуу Судандын алтынынын сексен пайызын ээлейт. [Архивдик сүрөт] / Reuters
24 Январь 2026

Судан дарыгерлер желеси жума күнү кечинде Түштүк Кордофандагы алтын кенинин кыйрашынан улам алты киши каза болуп, 12 адам жаракат алып, ондогон адамдын дайынсыз жоголгонун билдирди.

Бейөкмөт уюм жума күнү кечинде жарыялаган билдирүүсүндө, Абу-Жубейха аймагындагы алтын кенинде болгон кырсыкта алты кенчи каза болуп, 12си жараланганын жана билдирүү жасалган учурда көптөгөн кенчинин уранды астында калганын кабарлады.

Уюм куткаруу иштерин күчөтүүнү жана жаракат алгандарга тез медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылды.

Топ ошондой эле мындай кырсыктардын кайталанбашы үчүн өкмөттүн кенчилерди коргой турган чараларды көрүшү керектигин баса белгиледи. Коопсуздук стандарттарын белгилөө, тренингдерди өткөрүү жана үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө чакырыган уюм, мекемелик шалаакылык жана мыйзамдардын аткарылбашы кенчилердин өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын айтты.

Билдирүүдө күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы жана ушул сыяктуу трагедияларды алдын алуу үчүн конкреттүү кадамдардын ташталышы керектиги да белгиленди.

Чакан масштабдагы алтын казуу тармагы Судан боюнча көбүнчө өтө оор шарттарда 2 миллиондон ашык адамды иш менен камсыз кылууда жана өлкөнүн жалпы алтын өндүрүшүнүн болжол менен 80 пайызын түзөт.

Судан өкмөтү кол менен кен казууга тыюу салбайт, бирок аны жөнгө салууга аракет кылат. Кемчиликтерине карабастан, бул тармак көптөгөн судандыктарды жумуш менен камсыз кылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошууда.

Судан 2011-жылы Түштүк Судандын бөлүнүп, мунай кирешесинин төрттөн үчүн жана валюта булактарынын болжол менен 80 пайызын жоготкондон кийин, маанилүү валюта булагы катары алтынга чоң көз каранды.

Иликте
Кытай АКШ менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды
Голландияда 10 муниципалитет мусулмандардын купуялуулугун бузган жашыруун иликтөөлөр үчүн айыпталды
БУУ эксперттери Россиянын Эл аралык кылмыш сотунун прокурорун жана судьяларын соттогонун айыпташты
АКШ блогуна кошулган Түштүк Корея Кытай менен сейрек кездешүүчү жер элементтери боюнча кызматташат
Россия АКШнын күчөп жаткан кысымына карабастан Кубага мунай жеткирүү убадасын берди
Перс булуңу өлкөлөрү жана АКШ Катарда 11 күнгө созулган аймактык коопсуздук машыгуусун аяктады
Газа Израилден 54 палестиналыктын сөөгүн жана башка калдыктарды өткөрүп алды
Зеленский: Согуш талаасында 55000 украин аскери каза болду
Пакистан менен Казакстан карым  - катнаштарын бекемдөө үчүн  37 келишимге кол койду
Эрдоган менен Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Сомалинин биримдигине колдоосун кайталады
Сирия Иорданияга жөнөтүлө турган 2 миллион Captagon  таблеткасын колго түшүрдү
Эрдоган: Тегеранга каршы аскердик аракеттерди четке кагабыз; ортомчулук кылууга даярбыз
Түркия Сауд Арабия менен 2 миллиард долларлык энергетикалык инвестиция келишимине кол койду
Axios: Иран-АКШнын өзөктүк сүйлөшүүлөрү Оманда өтөт
Израиль бир офицер жарадар болгонун айткандан кийин Газада 9 палестиналык өлтүрүлдү