ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирандын тышкы иштер министри: АКШ ядролук сүйлөшүүлөргө чейин компенсация боюнча келишим түзүү керек
Виткоффтун сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо сунушунан кийин Ирандын ядролук программасы боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Financial Times гезитине АКШ Иранга чыныгы ишенимди бекемдөө чаралары менен келиши керектигин айтты.
Ирандын тышкы иштер министри: АКШ ядролук сүйлөшүүлөргө чейин компенсация боюнча келишим түзүү керек
/ Reuters

Financial Times бейшемби күнү Ирандын тышкы иштер министринин сөзүнө шилтеме берип АКШнын өткөн айдагы согуш учурунда Иранга келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү кабыл алышы керектигин билдирди.

Тегеранда Financial Times гезитине маек берген Аббас Арагчи : “Сүйлөшүүлөрдүн ортосунда эмне себептен бизге кол салгандарын билдирүүлөрү керек жана келечектеги сүйлөшүүлөр учурунда мунун кайталанбашынын кепилдигин берүүлөрү керек. Келтирген зыяндын ордун толтуруулары керек”,- деди.

Кабарда Аракчи менен АКШнын атайын өкүлү Стив Виткоффтун согуш учурунда жана андан кийин бири-бирине билдирүүлөрдү жөнөтүшкөнү белгиленди. Ирандык жетекчи америкалык кесиптешине Ирандын өзөктүк программасы боюнча көптөн бери чечилбей келе жаткан туңгуюкту токтотуу үчүн эки тараптын пайдасына чечилиши керектигин баса белгилеген.

FT агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын өзөктүк программасы боюнча башкы сүйлөшүүчүсү бул каржылык компенсацияны жана сүйлөшүүлөр учурунда Иранга дагы бир жолу кол салууга жол бербөөнү камсыздоону камтышы керектигин айтты, бирок кошумча маалымат берген жок.

Өткөн айда АКШ Ирандын ядролук объектилерине сокку урган. Вашингтон бул объектилердин ядролук куралдарды иштеп чыгууга багытталган программага тиешелүү экендигин билдирген.

Тегеран болсо өзүнүн ядролук программасынын тынчтык максатына багытталганын жана куралдарды иштеп чыкпаганын билдирүүдө.

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Reuters агенттигинин бул тууралуу комментарий берүү суранычын жоопсуз калтырды.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты