ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: "Түркия кайрадан калыптанган дүйнөлүк тартипте борбордук күч катары иш алып барат"
Эрдоган: "Сириядагыдай эле биз аракеттерибиздин жемишин көрө турган жана тарых менен абийирдин туура тарабында туруунун сыйлыгын ала турган жаңы мезгилге кирип жатабыз" деди.
Эрдоган: "Түркия кайрадан калыптанган дүйнөлүк тартипте борбордук күч катары иш алып барат"
Эрдоган Түркиянын жолу жана тагдыры жаркын экенин айтты. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркия жаңы калыптанган дүйнөлүк тартиптин борбордук уюлдарынын бирине айланаарын айтты.

Бейшемби күнү Түркиянын Ишкерлер Конфедерациясынын 7-кезексиз Жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган: "Сириядагыдай эле биз аракеттерибиздин жемишин көрө турган жана тарых менен абийирдин туура тарабында туруунун сыйлыгын ала турган жаңы мезгилге кирип жатабыз" деди.

"Дүйнө акырындап биз айтып келген багытка жылып баратат. Глобалдык саясатка карата көптөгөн жылдардан берки сын-пикирлерибиздин негиздүүлүгү бүгүн айкын болууда", - деди.

Эрдоган Түркиянын жолу жана тагдыры жаркын экенин, жаңы эшиктер ачыларын, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болорун жана күтүүлөрдөн тышкаркы мүмкүнчүлүктөр жараларын билдирди.

«Жетишкендиктерибиз дос-душман тарабынан айтыла турган, акырында улуу жана күчтүү Түркия пайда боло турган таптакыр башкача жолдо баратабыз,», - деп кошумчалады.

Ал ишкерлерге жана бизнесмендерге Түркиянын кризис, башаламандык жана экономикалык кыйынчылыктарга кабылышын көп жылдардан бери күтүп келген экономисттерди этибарга албоону кеңеш берди.

«Экономикалык киллерлер рынокко божомол катары коюп жаткан караңгы сценарийлерге ишенбейбиз», - деди.

Гренландия үчүн ортомчулук ролу

Ошол эле учурда АКШнын тышкы саясат боюнча адиси Гренландия темасында чыңалуу күчөп жаткан маалда Түркия АКШ менен Европанын ортосунда ортомчулук ролду ойной алат деп билдирди.

Брукингс институтунун тышкы саясат программасынын алдындагы Строб Талботт коопсуздук, стратегия жана технология борборунун адиси Филип Гордон шаршемби күнү Түркиянын позициясы ага трансатлантикалык мамилелер чыңалган учурда маанилүү роль берерин айтты.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди