ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Өнжү Кечели Сребреница геноцидинин негизги жооптууларынын бири Ратко Младич үчүн аскердик салтанат өткөрүлгөнүнө нааразычылыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Ратко Младич

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели социалдык медиа баракчасында Сребреница геноцидинин негизги күнөөкөрлөрүнүн бири болгон "Босниянын касапчысы" каймана аттуу Ратко Младичтин сөөк коюу зыйнаты тууралуу билдирүү жасады.

Кечели билдирүүсүндө: "Эл аралык соттор тарабынан геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн соттолгон Ратко Младичтин сөөк коюу зыйнаты жасалган оор кылмыштарды жана адамзат кайгысын четке кагуу болуп саналат, бул кабыл алынгыс", - деди.

“Тынчтык жана макулдашуу багытында жүргүзүлгөн аракеттерге зыян келтирет”

Сөз болуп жаткан сот чечимдеринин четке кагылышы же соттолгон кылмышкерлерди баатырга айлантууга болгон аракеттер жабырлануучулардын жана алардын жакындарынын кайгысын тереңдетээрин белгилеген Кечели мунун аймактагы тынчтык жана ынтымакка багытталган көп жылдык чечкиндүүлүк менен жүргүзүлгөн аракеттерге зыян келтирээрин баса белгиледи.

Кечели Балкандардын муктаждыгы — өткөндөн керектүү сабактарды алып, тынч, өсүп-өнүккөн жана биргелешкен орток келечекти бирге куруу экендигин билдирип, эң оболу Сребреница геноцидинин курмандыктары баш болуп, Босния согушунда каза болгон бардык күнөөсүз адамдарды урматтоо менен эскерерин жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн белгиледи.

Иликте
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө