Иран АКШ кол салса, жооп кайтара турганын билдирди
Иран парламентинин спикери Иран Израиль жана АКШ менен экономикалык, когнитивдик, аскердик жана терроризмге каршы күрөшүү жаатында "бир эле учурда" болуп жаткан чыр-чатакта экенин айтты.
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф эгер Вашингтон Тегеранга аскердик чабуул жасаса, Израиль менен АКШнын аскердик жана деңиз флотунун борборлору "мыйзамдуу буталар" деп эсептелерин эскертти.
Жекшемби күнү парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Калибаф АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылып: "Мыйзамдуу өзүн-өзү коргоонун алкагында биз бир гана аракеттен кийин жооп кайтаруу менен чектелбейбиз. АКШнын аскердик чабуулу болгон учурда, оккупацияланган аймактар (Израиль) да, АКШнын аскердик жана деңиз флотунун борборлору да биз үчүн мыйзамдуу буталар болот", - деди.
Калибаф Иран учурда Израиль менен АКШга төрт фронтто; экономикалык, когнитивдик, аскердик жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бет келип жатканын билдирип, бул фронттор "бир эле учурда ачылганын" кошумчалады.
Ошол эле учурда Трамп ишемби күнү ирандыктар "эркиндик издеп" жатканын жана 28-декабрда башталган нааразычылык акциялары бүткүл өлкө боюнча жайылып жаткандыктан, Вашингтон колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.