ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сирия өкмөтү эл аралык чакыруулар улантылып жаткан мезгилде Сүвейдада ок атышпоо жарыялады
Сувайдадагы друз кошуундары менен бедуин жоокерлеринин ортосундагы кагылышуулардан кийин эл аралык коомчулук Сириядан аймакка кийлигишип, тынчтыкты түзүү жана зомбулуктун уланышына тоскоол болууга чакырды.
Сирия өкмөтү эл аралык чакыруулар улантылып жаткан мезгилде Сүвейдада  ок атышпоо жарыялады
/ AA
19 Июль 2025

Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа өлкөнүн бул жергиликтүү кагылышууга кийлигишип, аймакта коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн эл аралык талаптардын түшүп жатканын билдирип, чукул түрдө ок атышпоо жарыялады.

Аш - Шараа ишемби күнү телекөрсөтүүдө жарыяланган сөзүндө : “Сүвейда аймагындагы акыркы окуялар коркунучтуу бурулуш жери болду жана бул топтордун арасында катуу кагылышуулар Сирия мамлекети кийлигишип токтотпогондо көзөмөлдөн чыкмак”,- деди.

Андан тышкары бир канча кишинин аракетинен улам бардык друз коомчулугунун айыпталышы адилетсиздик болорун айтты.

“Сувейда калкы азчылык бөлүктүн тышында мамлекет менен тилектештик ичинде”,- деген Аш - Шараа өкмөттүн аймакта болгон “бардык кыргындарды жана эреже бузууларды четке какканын” айтты.

Жергиликтүү уруулардын эрктүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирген президент аларды толугу менен ок атышууну токтотууга чакырды.

Президент Аш-Шараа Израилдин “түштүктө жана Дамасктагы мамлекеттик мекемелерге карата бомбалоонун натыйжасында чыңалууну кайрадан күчөткөнүн жана “өлкөнү - ырааттуулугун коркунучка салган - коркунучтуу баскычка жетелегенин” белгиледи.

Сириянын жикчилдердин буталары же бытыранды долбоорлордун кагылышуу аймагы болбой турганын да сөздөрүнө кошту.

Президенттик кеңсе Ички иштер министрлигинин күчтөрүнүн Израиль менен түзүлгөн келишимдин алкагында друздар басымдуулук кылган Сүвейда шаарына жайгаштырылгандан кийин ишемби күнү "дароо ок атышпоо" жарыялады.

Ок атышпоого "бардык тараптарды сый көрсөтүүгө" чакырды. Бул чечим Израилдин ушул аптанын башында коргоо министрлигинин күчтөрүн бутага алган жана артка чегинүүгө мажбурлаган аба соккусунан кийин кабыл алынды.

Сүвейдага атайын күчтөр жөнөтүлтү

Сириянын Ички иштер министрлиги коопсуздук күчтөрү бир нече күндүк катуу кагылышуулардан жана толкундоолордон кийин ишемби күнү Сүвейдага жайгаша баштаганын жарыялады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурреддин аль-Баба билдирүүсүндө: «Мыйзамсыз топтор тарабынан чыгарылган кандуу окуялардан кийин ички коопсуздук күчтөрү улуттук миссиянын алкагында президенттиктин түздөн-түз буйругу менен Сүвейдага жайгаша баштады",- деди.

Аль-Баба максаттарынын жарандарды коргоо жана башаламандыкты токтотуу экенин белгилеп:«Коопсуздук күчтөрү кол салууларды жана ички кагылышууларды токтотуу, провинцияга стабилдүүлүктү орнотуу үчүн бардык ресурстарын колдонот»,-деди.

Бул билдирүү АКШнын Түркиядагы элчисинин Сирия менен Израилдин ортосунда ок атышууну токтотууну жарыялагандан бир нече сааттан кийин жасалды.

13-июлда Сүвейдада бедуин араб уруулары менен куралдуу друз топторунун ортосунда кагылышуулар башталды. Зордук-зомбулук күчөп, Израилдин аба соккулары Сириянын Дамасктагы аскердик позицияларын жана инфраструктурасын да бутага алды. Израиль өз чабуулдарын "друз жамааттарын коргоо" шылтоосу менен актады.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды