ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран парламентинин төрагасы: "Америка эли согушка каршыбыз деди жана биз бул билдирүүнү колдойбуз"
АКШнын президенти Дональд Трамп да орто мөөнөттүү шайлоодогу жеңилүүлөрдүн себеби Иран согушу болушу мүмкүн экенин айтты.
Иран парламентинин төрагасы: "Америка эли согушка каршыбыз деди жана биз бул билдирүүнү колдойбуз"
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф

Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф АКШнын орто мөөнөттүү шайлоолорунун расмий эмес жыйынтыктары боюнча демократтардын Сенатта көпчүлүк добушка ээ болгонун комментарийлеп жатып: "Америка эли согушка каршыбыз деди жана биз бул билдирүүнү колдойбуз", - деди.

Калибаф X социалдык медиа аккаунтунда АКШнын орто мөөнөттүү шайлоолорунун расмий эмес жыйынтыктарына сереп салды.

Парламенттин спикери мындай деп билдирди:

"Эгерде АКШ өкмөтү эл аралык державаларга жана шантажчыларга кызмат кылуу үчүн өз элинин эркин этибарга албаса, Ирандын "жок" дегени коркунучтуу түш менен коштолорун түшүнөт.

Бул абийир маселесиби же чыгымбы? Америка эли согушка жок деди жана биз бул билдирүүнү колдойбуз".

АКШнын президенти Дональд Трамп да орто мөөнөттүү шайлоолордогу республикачылардын жеңилүүлөрү жарым-жартылай Иран менен уланып жаткан согушка байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

Республикачылар Сенаттагы көпчүлүктү жоготуп, Өкүлдөр палатасында демократтардан артта калгандан кийин Трамп Wall Street Journal гезитине маек курду.

Иранга каршы согуш республикачылардын шайлоодогу жеңилүүсүнө себеп болгонбу деген суроого Трамп: "Иран да анын бир бөлүгү болгон", - деп жооп берди.

Трамп Иран менен согушка өкүнбөгөнүн баса белгилеп, "Мен туура иш кылдым. Керек болсо, дагы бир жолу кайталаймын" деп билдирди.

АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоолордун расмий эмес жыйынтыктарына ылайык, демократтар Сенатта да, Өкүлдөр палатасында да көпчүлүктү камсыз кылышты.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады