Америка тарыхындагы эң күчтүү вице-президенттердин бири болгон жана Жорж Буштун 11-сентябрдагы кол салууларынан кийин Афганистанда жана Иракта кыйратуучу согуштарды жүргүзгөн мезгилде анын жардамчысы болгон Дик Чейни дүйшөмбү күнү каза болду.
Чейни 84 жашында каза болду
Чейни көпчүлүк учурда анча мааниге ээ эмес деп саналган вице - президенттик кызматын күчтөндүргөндүктөн бир топ киши тарабынан чоң күч катары баа берилген. Буш Американы “террор менен согуш” деген аттын алдында талаш туу жолго салып, Чейнинин таасири Гуантанамо абагы, кыйноо жана мыйзамсыз камоолор сыяктуу шектүү иштер менен ортого чыкты.
Солчул көз караштагы бир топ кишиде жек көрүү сезимин ойготкон Чейни өмүрүнүн аягына карай 2024-жылы Дональд Трамптын Ак үйгө президент болуп кайтып келүү кампаниясына каршы чыкты.
АКШнын маалымат каражаттары Чейнинин үй-бүлөсү тараткан билдирүүгө шилтеме жасап, Конгресстин мурдагы мүчөсү жана коргоо министри Чейнинин "пневмония жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын татаалдашуусунан улам каза болгонун" билдиришти.
Билдирүүдө: "Дик Чейни Ак үйдүн аппарат жетекчиси, Вайоминг штатынан Конгресстин мүчөсү, Коргоо министри жана Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти катары өлкөбүзгө ондогон жылдар бою кызмат кылды", - деп айтылды.
48 - вице - президент болгон Чейни 2001 - 2009 - жылдардын арасында эки мезгил кызмат кылды.
Жалган дооматтар
1941-жылы 30-январда Небраска штатынын Линкольн шаарында туулган Чейни калкы аз Вайоминг штатында чоңойгон.
Ал Йель университетинде окуган, бирок кийинчерээк окуусун таштап, Вайоминг университетинен саясий илимдер боюнча диплом алган.
Вайомингдин өкүлү катары Конгрессте он жыл иштегенден кийин, 1989-жылы Джордж Буш тарабынан Коргоо министри болуп дайындалган.
Чейни АКШнын башчылыгындагы бир коалициянын Кувейттен Ирак бөлүктөрүн чыгарган 1990 - 1991 булуң согушу учурунда Пентагонду башкарып турган.
Чейни вице - президент катары неоконсервативдик идеологиясын Ак үйгө алып келип, саясатты калыптандырууда өзүнөн мурункуларга караганда чоң роль ойногон.
Чейни 2001-жылдын 11-сентябрында "Аль-Каиданын” Нью-Йорк менен Вашингтонго жасаган кол салууларынан кийин Иракты басып алуу чечиминин артында турган негизги күчтөрдүн бири болгон.
Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралдары бар деген жалган ырастоолору 2003-жылы АКШнын басып киришинин алдында согушка чакырыктарды күчөттү.
Бушка абдан берилген Чейни тышкы саясат боюнча анын устаты катары каралчу.
Чейни купуялуулукту жактырганына карабастан, башкы беттерден алыс тура алган жок.
Анын кесиптик жашоосу бир катар ден соолук көйгөйлөрү, негизинен жүрөк оорулары менен үзгүлтүккө учурады. 1978-жылдан 2010-жылга чейин беш жолу инфаркт болгон, алардын бири Буш менен 2000-жылы Ак үйгө шайланган жылы болгон.
2001-жылы Чейниге төрт жолу шунттоо операциясы жасалып, кардиостимулятор коюлган, кийинчерээк ал алмаштырылган.














