ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Улуу Британиянын Хитроу аэропортундагы учуулар кайра башталды
Алгачкы иликтөөлөрдөн кийин, полиция окуянын күмөндүү эмес экенин айтты, бирок изилдөө уланууда.
Улуу Британиянын Хитроу аэропортундагы учуулар кайра башталды
/ AP

Лондондогу Хитроу  аэропорту электр станциясында чыккан өрттөн улам жабылгандан 1 күн өткөндөн кийин, ишемби күнү толук кызмат кыла баштады. Европанын эл эң көп болгон аэропорту болгон Хитроунун жабылышы дүйнөлүк  саякатта чоң тоскоолдук жаратты.  

Авиация сектору аэропортту тейлеген электр станциясында чыккан чоң өрттөн кийин жүргүнчүлөрдү багыттоо жана учуу графигин өзгөртүү боюнча аракетке өттү.

Жума күнү айрым каттамдар кайрадан башталганына карабастан, дүйнөнүн эң чоң бешинчи аэропортунун күндүн көпчүлүк бөлүгүндө жабык болушу он миңдеген жүргүнчүнүн мейманканадан орундук жана башка учуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөсүнө себеп болду. Авиакомпания учактарын жана экипаждарын базаларына кайтарууга аракет кылып чоң бир логистикалык кризис болду.

Хитроу өкүлү берген билдирүүдө командалар аба майданында үзгүлтүктөн таасирленге жүргүнчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн иштеп жаткандыгы белгиленди.

«Аэропортубуздун терминалына жүздөгөн кошумча кызматкерди жайгаштырдык жана бүгүн үчүн пландалган каттамдарга  10 000 жүргүнчүнүн саякатка чыгышы үчүн кошумча каттамдарды коштук»,- деди.

Жоопкерчилик талаш  - тартышы

Авиация тармагы миллиондогон фунт сарпталышы күтүлүп жаткан бул үзгүлтүктөн кийин мындай чоң инфраструктура эмне себептен резервдик системасыз иштеп жатат деген суроону койду.

Эл аралык аба транспорту биримдигинин төрагасы жана British Airways компаниясынын мурдагы башкы директору: "Бул аэропорттун ачык пландоо катасы",- деп абалды сынга алды.

Аэропорт жума күнү жалпысынан 1,351 каттамды жана 291,000ге жакын жүргүнчүнү тейлөөнү пландаштырган. Бирок учактар ​​Британия жана Европадагы башка аэропортторго багытталып, ал эми көптөгөн алыскы каттамдар учуп кетүүчү пункттарына кайтып келүүгө аргасыз болушту.

Өрттөн кийин териштирүү иштери  уланууда

Хитроу компаниясынын  башкы директору Томас Волдбай  аэропорттун ишемби күнү толугу менен иштей тургандыгын белгиледи. Финансылык жоопкерчиликти кимдин аларына байланыштуу  суроого : «Мындай окуялар үчүн белгилүү процедуралар бар бирок мындай абалдар үчүн конкреттүү милдеттенмелер жок»,- деп жооп берди.

Британиянын транспорт министрлиги тыгынды азайтуу максатында түнкү каттамдарга коюлган чектөөлөрдү убактылуу жойду. Бирок British Airways компаниясынын аткаруучу директору Шон Дойлдун айтымында, жабылуу жакынкы күндөрү учкан бардык кардарларга "чоң таасирин тийгизет".

Virgin Atlantic ишемби күнү "дээрлик толук кубаттуулукта" каттамдарды ишке ашырууну пландаштырып жаткандыгын бирок кырдаалдын динамикалуу экендигин жана бардык каттамдардын тынымсыз текшерилип тураарын айтты.

JetBlue, American Airlines, Air Canada, Air India, Delta Air Lines, Qantas, United Airlines, British Airways жана Virgin Atlantic сыяктуу авиакомпанияларга таандык каттамдар жабылуудан улам багыттандырылды же учуу пункттарына кайтып келүүгө аргасыз болду. Бул процессте көптөгөн авиакомпаниялардын акцияларынын наркында төмөндөө болду.

Авиация адистери Европанын аэропортторунда акыркы жолу 2010-жылы Исландияда вулкандык күл булуттарынан улам ушундай чоңдуктагы үзгүлтүккө учурагандыгын билдиришти.

Жетекчилердин айтымында, Европага чукул конууга аргасыз болгон айрым жүргүнчүлөр керектүү документтери жок болсо, аэропорттун транзиттик залдарында күтүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Хитроунун тегерегиндеги мейманканалардагы баалар көтөрүлдү жана брондоо сайттарында бөлмөлөрдүн болжол менен 645 долларга сатылып жатканын көрсөттү - бул кадимки көрсөткүчтөн беш эсе көп.

Полиция алдын ала иликтөөлөрдүн натыйжасында өрткө байланыштуу шектүү жагдайларды аныктабаганын, бирок тергөөнүн уланып жатканын билдирди. Лондондун өрт өчүрүү кызматы болсо иликтөөлөрүнүн энергия бөлүштүрүүчү жабдууларга басым жасай турганын жарыялады.

Акыркы жылдарда Хитроу жана Лондондогу башка чоң аэропорттор автоматтык каалга системаларындагы мүчүлүштүктөр менен аба кыймылын башкаруу системасындагы кыйроолор да болгон түрдүү техникалык кемчиликтерге  учураган. Акыркы жолу 2023-жылы болгон бул окуялар авиакомпания тармагында олуттуу үзгүлтүктөргө себеп болгон.

Иликте
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты