ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израилдин Иранга чабуулунан кийин авиакомпаниялар каттамдарын өзгөртүп, аба мейкиндиги жабылды
Израиль Тегерандын өзөктүк бомба өндүрүшүнө бөгөт коюу үчүн баштаганын жарыялаган узун мөөнөттүү операциясынын башталышында Ирандын өзөктүк объектилерин, баллистикалык ракета заводдорун жана аскердик командирлерин бутага алганын жарыялады.
Израилдин Иранга чабуулунан кийин авиакомпаниялар каттамдарын өзгөртүп, аба мейкиндиги жабылды
/ Reuters
13 Июнь 2025

Flightradar24 агенттигинин маалыматына ылайык, Израилдин Ирандагы буталарга жасаган чабуулдарынан кийин авиакомпаниялар Израиль, Иран, Ирак жана Иорданиянын аба мейкиндигинен чыгып, жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугун камсыздоо үчүн каттамдарды токтотуп, багыттарын өзгөртүштү.

Дүйнө жүзүндөгү кагылышуу аймактарынын көбөйүшү авиакомпаниялардын ишмердүүлүгүнө жана кирешесинде чоң кыйынчылыктарды жаратып, коопсуздук маселесин күчөтүүдө.

Osprey Flight Solutions авиациялык тобокелдиктер боюнча консалтинг компаниясынын маалыматына ылайык, 2001-жылдан бери алты коммерциялык учак кокустан атып түшүрүлгөн, үчөө бутага алынуудан кутулган.

Израиль жума күнү Тегерандын атом бомбасын жасоосуна жол бербөө максатында көп баскычтуу чабуулдун башталышы катары сыпаттаган операцияда Ирандын өзөктүк объектилерин, баллистикалык ракета заводдорун жана аскердик командирлерин бутага алганын билдирди.

Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропорту белгисиз мөөнөткө жабылып, Израилдин абадан коргонуу бөлүктөрү Ирандын мүмкүн болгон жооп кайтаруу чабуулдарына даярдык көрдү.

Израилдин улуттук авиакомпаниясы El Al Airlines Израилге жана Израилден каттамдарын токтоткондугун билдирди.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жана учкучтарга жөнөтүлгөн билдирүүлөргө ылайык, Ирандын аба мейкиндиги дагы кийинки эскертүүгө чейин жабылды.

Ирандагы чабуулдар тууралуу кабарлар келип жатканда Emirates, Lufthansa жана Air India сыяктуу авиакомпаниялардын бир нече коммерциялык каттамдары Ирандын үстүнөн учуп жаткан.

Европа жана Түндүк Америкага каттамдар үчүн Ирандын үстүнөн учкан Air India Нью-Йорк, Ванкувер, Чикаго жана Лондондон учуп чыккан айрым каттамдардын багытын өзгөрткөнүн же кайра кайтканын билдирди.

Emirates жана Lufthansa азырынча билдирүү бере элек.

‘Абал ошол бойдон уланууда”

Ирак жума күнү эртең менен аба мейкиндигин жаап, бардык аэропорттордогу каттамдарды токтотту, бул тууралуу Ирактын мамлекеттик маалымат каражаттары билдирди.

Ирактын чыгыш бөлүгү Иран чек арасына жакын жерде дүйнөдөгү эң көп аба коридорлорунун бири жайгашкан. Ал аркылуу Европа менен Перс булуңунун ортосунда, негизинен Азиядан Европага бир убакта ондогон каттамдар өтөт.

Учууларды көзөмөлдөө маалыматтары, каттамдардын барган сайын Борбор Азия же Сауд Арабиясы аркылуу багытталып жатканын көрсөтүүдө.

Израиль менен Ирактын ортосунда жайгашкан Иордания да Израилдин чабуулу башталгандан бир нече сааттан кийин аба мейкиндигин жапты.

Мүчөлөрүнө учуу коркунучу тууралуу маалымат берген OPSGROUP аттуу мекеме иштеткен Safe Airspace атуу web сайтынын билдиргенине караганда : “Абал улантылууда - бул аймакта операторлор өтө этият болушу керек”.

Жума күнү эртең менен Дубайга конууга тийиш болгон бир нече каттамдар башка багыттарга бурулду. Манчестерден Дубайга учкан Emirates каттамы Стамбулга, Белграддан учкан flydubai каттамы Армениянын Ереван шаарына багытталды.

Flydubai авиакомпаниясы Амман, Бейрут, Дамаск, Иран жана Израиль сыяктуу багыттарга каттамдарын токтотконун, ошондой эле бир нече каттамдар жокко чыгарылганын же кайра баштапкы аэропортторуна кайтарылганын билдирди.

Flightradar24 билдиргендей, Qatar Airways жума күнү Дамаскка пландалган эки каттамын токтотту.

Жакынкы Чыгыштагы Израиль-Палестина жаңжалы 2023-жылдын октябрь айынан бери коммерциялык авиациянын асман мейкиндигин кыска мөөнөттүү дрон жана ракеталык чабуулдар менен бөлүшүүсүнө алып келди. Бул чабуулдар айрым учурларда учкучтар жана жүргүнчүлөр көрө алгыдай жакын болгон.

Евроконтролдун маалыматы боюнча, өткөн жылы Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндиги аркылуу күн сайын Европадан жана Европага 1,400 каттам өткөн.

Өткөн жылы Казакстан жана Суданда учактар аскердик куралдар менен атылды. Бул окуялар 2014-жылы Украинанын чыгышында Malaysia Airlines MH17 каттамынын жана 2020-жылы Тегерандан учуп чыккан Украина эл аралык авиакомпаниясынын PS752 каттамынын атып түшүрүлүшүн эске салат.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду