Прототиптен күч символуна: Түркиянын ата мекендик согуштук учагы KAAN
ТҮРКИЯ
5 мүнөт окуу
Прототиптен күч символуна: Түркиянын ата мекендик согуштук учагы KAANЖакында Индонезия менен түзүлгөн 48 KAAN учагын экспорттоо келишими жана башка коргонуу келишимдери Түркиянын жаңы муундагы авиация технологиясында ишенимдүү күч катары көтөрүлүшүн бекемдейт.
KAAN jet / AA
19 Июнь 2025

Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы KAAN (КААН), өлкөнүн технологиялык амбициясын жана стратегиялык ишенимдүүлүгүн тастыктаган маанилүү экспорттук келишим аркылуу чоң ийгиликке жетишти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жакында эле 48 KAAN учагы Индонезияга сатыларын жарыялады. Бул келишим Түркиянын коргонуу тармагындагы бурулуш учур болуп, тарыхый мааниге ээ болду.

«Дос жана бир тууган Индонезия менен болгон келишимдин алкагында, 48 KAAN учагы Түркияда өндүрүлүп, экспорттолот», – деп билдирди Эрдоган өзүнүн расмий социалдык медиа баракчасында.

«Өндүрүш учурунда Индонезиянын жергиликтүү өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүнөн да пайдаланабыз», – деп кошумчалады ал.

Эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык сапарлардан кийин жетишилген бул келишим, Түркиянын коргонуу өнүмдөрүнүн дүйнөлүк деңгээлде ишенимдүү жана заманбап экенин көрсөттү.

«Бул келишим биздин улуттук коргонуу өнөр жайыбыздын күчүн көрсөтөт», – деп айткан президент Эрдоган: «Бул тарыхый келишимди камсыз кылууда салым кошкон бардык мекемелерди, айрыкча Коргонуу өнөр жай агенттигин жана TUSAŞ компаниясын куттуктайм. Бул өнөктөштүк эки өлкөгө тең ийгилик алып келет деп ишенем жана Индонезиянын президенти Субианто мырзага лидерлиги жана көрөгөчтүгү үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди.

Дүйнө талап кылган согуштук учак

KAAN – Түркиянын аэрокосмостук инженериясынын туу чокусу болуп саналат жана бешинчи муундагы көп максаттуу согуштук учак катары өзгөчөлөнөт.

Бул учактын өзгөчө маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, төмөн радардык көрүнүшү жана жасалма интеллектке негизделген авионикасы аны кийинки муундагы платформа катары айырмалап турат.

Абадан абага жана абадан жерге болгон операцияларда эң жогорку көрсөткүчтөргө ылайыкташтырылган KAAN Түркиянын коргонуу технологияларында өзүн-өзү камсыз кылуу стратегиялык максатын чагылдырат.

KAAN долбоорунун ийгилигинин жүрөгүндө Түркиянын Аэрокосмостук өнөр жайы (TUSAŞ) турат. Компаниянын башкы директору Мехмет Демироглу долбоордун өнүгүү планы жана аткарылышы тууралуу маалымат берип, учакка болгон суроо-талаптын өсүп жатканын белгиледи.

Демироглу TRT World телеканалына берген маегинде: «КААН биздин сыймыгыбыз, бир гана TUSAŞтын эмес, бүт Түркиянын сыймыгы, абдан жакшы иш жүрүп жатат. Учурда монтаждоо баскычында эки прототиби бар. Бирин ушул жылдын аягында, экинчисин келерки жылдын башында бүтүрүп, учууларды баштайбыз. Абдан ылдам учуу кампаниясы 3 учак, жердеги бир учак, жалпы 4 учак менен келерки жылы абдан олуттуу бир учуу кампаниясын баштайбыз»,-деди.

«Экинчи прототипибиз 2025-жылдын аягына же 2026-жылдын башына чейин учат деп күтүлүүдө, андан кийин үчүнчү прототип даяр болот. Биздин максат – 2025-жылы эки же үч KAAN учагын бир убакта учуруу»,-деди ал.

Түркиянын Аба күчтөрүнө толук масштабдуу жеткирүүлөр 2028-жылдын аягына же 2029-жылдын башына пландалууда.

TUSAŞ 2034-жылга чейин 500 бирдик чыгарууну көздөйт, бул эл аралык суроо-талапты жана платформанын келечегине корпоративдик ишенимди чагылдырган максат. Демироглу: «КААН – авиациялык инженериядагы улуттук трансформациянын таажысы мүнөзүндө»,-деди.

Компаниянын жол картасы жөнүндө сөз кылып жатып, ал TUSAŞ өткөн жылдагы 3 миллиард доллардын тегерегиндеги жүгүртүүсүн 2025-жылга чейин 4,3 миллиард долларга көбөйтүү максаты менен жаңы рынокторго кирип жатканын белгиледи.

Компания 16 000ге жакын кызматкерлери менен азыр АКШда, Европада жана Азияда ишин жүргүзүүдө.

Демироглу: «Биз Boeing, Airbus жана Spirit Aerosystems сыяктуу дүйнөлүк авиация лидерлери менен тыгыз кызматташып жатабыз жана 400дөн ашуун өнүккөн өндүрүш системалары тарабынан колдоого алынат», - деп кошумчалады.

ТийиштүүTürkiye’s KAAN fighter jet set for deployment by 2030

TF35000 кыймылдаткычы ишенимди бекемдейт

Бешинчи муундагы истребитель глобалдык ишенимге ээ болушу үчүн анын кыймылдаткыч системасы да максаттарга шайкеш келиши керек. Бул жерде TEI TF35000 кыймылдаткычы ишке кирет.

TUSAŞ Engine Industries (TEI) башкы директору Махмут Акшит TRT World телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде кыймылдаткычтын маанилүүлүгү тууралуу кеңири маалымат бөлүшүп: «KAAN бир гана учак катары эмес, толугу менен ата мекендик система катары да өнүктүрүлүп жатат. TRMOTOR менен биргеликте учактын жүрөгү болгон TF35000 кыймылдаткычын толугу менен ата мекендик ресурстар менен өнүктүрөбүз»,-деп айтты.

Мотордун дизайны деңиз деңгээлинде 35000 фунт күчтү, оптималдаштырылган күйүүчү майдын натыйжалуулугун жана бешинчи муундагы согуш муктаждыктарына ылайыктуу уникалдуу архитектураны сунуштайт.

Акшит: «TF35000 жөн эле мотор долбоору эмес. Бул жогорку температурадагы материалдардан инфраструктураны сыноого чейин, өндүрүш кубаттуулугунан инженердик мыктылыкка чейин улуттук экосистеманын курулушу»,-деди.

TF35000 кыймылдаткычы Индонезияга жөнөтүлө турган 48 KAAN бирдигин күчтөндүрүп иштетет.

Акшит: «Муну менен бир гана бешинчи муундагы согуштук учакты экспорттоо менен чектелбестен, Түркия тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн эң татаал жана миссия үчүн маанилүү компонентти да экспорттойбуз. Бул стратегиялык технологиялык көз карандысыздыкка карай өзгөртүүчү кадам»,-деди.

КААНдын стратегиялык сигнал катары мааниси

Коргоо боюнча аналитик Арда Мевлүтоглу KAANды дүйнөлүк масштабда ишенимдүү өнүм кылган элементтерди көз карандысыз көз караштан баалады.

TRT World телеканалына маалымат берген Мевлүтоглу : «КААН дагы сыноо баскычында болгон бешинчи муундагы согуштук учак. 2030-жылдардын башында толук операциялык кызматка кириши күтүлүүдө. Бүткөндөн кийин Түрк аба күчтөрүнүн сокку уруу күчтөрүнүн таянычы болот»,-деди.

Мевлүтоглу:«Индонезия менен түзүлгөн келишим күчтүү сигнал. Мындай стратегиялык платформага ээ болуу узак мөөнөттүү милдеттенмелерди жана ишенимди талап кылат жана бул келишим Түркиянын авиация секторуна болгон ишенимдин артышына басым жасайт»,-деп кошумчалады.

КААНдын аба согушунан тышкары ролуна көңүлдөрдү бурган Мевлүтоглу, согуштук учактын Түркиянын аба мейкиндигинде жергиликтүү кыймылдаткычы жана өнүккөн авионикалык системаларына көңүл буруп, аба мейкиндигиндеги күчүн жана сестентүүчүлүгүн арттыра турганын айтты.

«Бул улуттук потенциалдын жана келечекке даярдыктын көрүнүшү», - деди ал.

Прототиптен күч символуна карай

2024-жылдын февралында KААНдын биринчи учуусу символикалык жана технологиялык этап болгон. Анын аты президент Эрдоган тарабынан 2023-жылы «Келечектин кылымы» иш-чарасында жарыяланган жана андан бери Түркия үчүн жаңы коргонуу доорунун символу болуп калды.

Президент Эрдоган: «Коргонуу келишиминен да көптү көрүп жатабыз, эгемендүү авиация державасынын төрөлүшүнө күбө болуудабыз»,-деди. 

Импульс уланууда. 55-Париж авиациялык көргөзмөсүндө Түркиянын алдыңкы учкучсуз учуучу аппарат өндүрүүчүсү Байкар италиялык Леонардо менен жаңы муундагы учкучсуз системаларды өнүктүрүү үчүн биргелешкен демилгеге кол койду. Бул өнөктөштүк түрк инженериясына болгон ишенимдин дагы бир көрсөткүчү катары бааланууда.

Согуштук учактардан учкучсуз учуучу аппараттарга, улуттук өндүрүш линияларынан глобалдык учуруу платформаларына чейин Түркия мындан ары жөн эле курал өндүрүү менен чектелбейт; президент Эрдоган айткандай, «эгемендүү авиация күчүн» куруп жатат.

Иликте
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт