ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Түркия Украина даны жүктөлгөн БУУнун жардам кемесин кризис болгон аймактарга кеткен жолдо тосуп алды
Бириккен Улуттар Уюмунун агенттигинин дүйнөлүк ачарчылыкка каршы күрөшүү миссиясынын алкагында Ливан желектүү Brave Commander кемеси Украинадан ташыган 20 миң тонна буудай менен Самсунга келди.
Түркия Украина даны жүктөлгөн БУУнун жардам кемесин кризис болгон аймактарга кеткен жолдо тосуп алды
/ AA
9 Май 2025

Украинадан 20 миң тонна буудай ташыган гуманитардык жардам кемеси Сирия баш болгон кризистен жабыркаган аймактарга колдоо көрсөтүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) демилгесинин алкагында Самсундун Торос портуна келди.

Ливан желектүү "Brave Commander"  аттуу кеме бейшемби күнү Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Түркия өкүлчүлүгү, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Айыл чарба жана токой чарба министрлиги менен Самсун губернаторлугу тарабынан уюштурулган азем менен тосуп алынды.

Самсун губернаторунун орун басары Кемал Йылдыз жүктү бүткүл адамзат үчүн орток абийир жана тилектештиктин символу катары мүнөздөдү.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасын тосуп алуудан сыймыктангандарын белгилеген Йылдыз Түркиянын БУУнун агенттигине азык-түлүк жеткирүүдө лидер экенин жана программанын башынан бери ыктыярдуу салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Түркиядагы директору Стивен Кэйхилл операциянын маанисине көңүлдөрдү буруп : "Бүгүн биз дүйнөлүк ачарчылыкты токтотуу аракетибизде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын гуманитардык операциялары үчүн маанилүү өткөөл болгон Самсун портунда турабыз. “Brave Commander” кемесин бүгүн бул жерде тосуп алдык. Бул эл аралык тилектештигибиздин жана ылдам гуманитардык операцияларыбыздын бир символу»,- деди.

Түркиянын дүйнөлүк азык-түлүк бөлүштүрүүдө стратегиялык ролу

 Кэйхилл 2022 -  жылы Кара деңиз дан коридору демилгеси  ишке киргенде Украинадан алгачкы гуманитардык жардамды ташый турган «Brave Commander» кемесинин Дүйнөлүк азык-түлүк программасы үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Бул түрк калкынын гуманитардык иш  - аракеттерге болгон берилгендигин көрсөттү, ошол эле учурда Дүйнөлүк азык  - түлүк программасынын жалпы дүйнөнүн азык  - түлүккө жетишине мүмкүнчүлүк түздү. Бул операцияларыбыз үчүн абдан маанилүү»,- деп  Самсун губернаторлугуна, Тышкы иштер министрлиги менен донор өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Кэйхилл Түркиянын дүйнөлүк азык-түлүк бөлүштүрүүдөгү стратегиялык ролун баса белгилеп, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы акыркы беш жылда Түркиядан 1,1 миллиард долларлык азык-түлүк сатып алганын жана бул азык-түлүктүн баары дүйнө жүзү боюнча гуманитардык жардам катары таратылгандыгын айтты.

Кэйхилл кемеден ташылган 20 миң тонна буудайдын 5 миң тоннасынын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Сириядагы гуманитардык операцияларына бөлүнөрүн белгиледи.

"Бул дагы бир жолу түрк өкмөтү менен болгон карым - катнашыбыздын көп тармактуу экендигин көрсөтүүдө.  Бул жерде сириялык качкындар тууралуу  жана дүйнө жүзү боюнча аткарган иштерибиз бар",- деди.

Дүйнөлүк ачарчылыкка каршы күрөшүү аракеттери

Кэйхилл : “Тилекке каршы бүгүн айланабызда болуп жаткандарга караганыбызда бөлүнүп - жарылган дүйнөдө жашап жатабыз. Газада, Суданда, Йеменде болгондорду көрүп жатабыз. Бул да Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын миссиясы Түркияда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча жайылганын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Бул ошол эле учурда тилектештикке чакыруу. Түркиянын бул аймакта да тынчтыктын ортомчусу боло турган лидерлик ролун аткарышы үчүн жасалган чакырык.

Бирок бул жалгыз аткарыла турган нерсе эмес. Кара деңиз дан коридору демилгесине бир топ донордун кошулгандыгын көрдүк жана азыр буга муктажбыз. Өзгөчө бүгүнкү дүйнөдө бул бөлүнүү күч алган мезгилде чындыгында гуманитардык дүйнөнү чогулуп, тилектештик көрсөтүүгө чакыруу”.

Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык иштер боюнча башкы директору, элчи Айлин Секизкөк жалпы дүйнөдө күчөп жаткан азык - түлүк кризисине көңүлдөрдү буруп, 840 миллиондон ашуун кишинин ачкачылыкка дуушар болгонун айтты.

"Бул 840 миллион жөн гана сан эмес; биз чыныгы ачарчылык жөнүндө сөз кылып жатабыз", - деди.

Секизкөк Түркиянын дүйнөлүк ачарчылыкка каршы күрөшүү аракеттерин, айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, дүйнө жүзү боюнча жардам жеткирүү жана туруктуу өнүгүү боюнча тажрыйбасын бөлүшүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иликте
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту
Зеленский: АКШ Иран согушунан улам Украинага убакыт бөлө албай жатат
Трамп Иранда бурулуш жери белгисин берди:  ок атышууну токтотуу узартылбашы мүмкүн
Түркия жаңы маалыматтар демилгеси аркылуу жасалма интеллекттеги дезинформацияга каршы күрөшөт
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду