Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас дүйшөмбү күнү ЕБнин тышкы иштер министрлери Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине багытталган болжол менен 1600 жаңы санкцияны кабыл алганын жарыялады.
X баракчасындагы билдирүүсүндө Каллас бул кадамды Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинада согуш баштагандан берки ЕБнин санкциялар тизмесинин "эң чоң кеңейиши" деп мүнөздөдү.
Каллас: "Булардын жарымынан көбү баллистикалык ракеталарды өндүрүү чынжыры менен байланышкан. Орусиянын украиналыктарды өлтүрүү үчүн колдонгон куралдарды өндүрүүсүн бир топ кыйындатып, жайлатып жана кымбатыраак кылып жатабыз", - деди.
Ошондой эле Европа Биримдигинин Кеңеши химиялык куралды жайылтууга жана колдонууга каршы санкциялардын алкагын беш жылга б.а 2031-жылдын 30-октябрына чейин узартуу чечимин кабыл алганын жарыялады.
Кеңеш ушул алкактын негизиндеги жеке санкциялар боюнча чечимдердин жарактуулук мөөнөтүн да бир жылга 2027-жылдын 30-октябрына чейин узартты.
Билдирүүгө ылайык, чектөө чаралары учурда 31 жеке адамды жана алты юридикалык жакты камтыйт.
Тизмедеги жеке адамдардын жана юридикалык жактардын активдери тоңдурулуп, Европа Биримдигинин жарандарына жана компанияларына аларга түз же кыйыр түрдө каражаттарды же экономикалык ресурстарды берүүгө тыюу салынууда.
Тизмедеги адамдарга Европа Биримдигине саякаттоого да тыюу салынат.





















