ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Родриго Паз Боливиянын АКШ менен мамилесин калыбына келтирээрин билдирди
8-ноябрда кызматка кирише турган оңчул-борборчул сенатор Паз Боливия "эл аралык аренадагы өз ордун кайра кайтарып алды" деп жарыялады.
Родриго Паз Боливиянын АКШ менен мамилесин калыбына келтирээрин билдирди
Родриго Паз Боливиянын АКШ менен мамилесин калыбына келтирээрин билдирди / Reuters

Боливиянын жаңы борборчул-оңчул президенти Родриго Паз өлкөсү АКШ менен дээрлик жыйырма жыл мурун солчул мурдагы лидер Эво Моралес учурунда үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди кайра калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.

58 жаштагы экономист-сенатор Родриго Паз жекшемби күнү өткөрүлгөн шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкенден кийин журналисттерге: "Өзгөчө Америка Кошмо Штаттары менен мамиле калыбына келтирилет" деди.

Моралес негиздеген социалисттик МАС партиясы август айындагы биринчи турда катуу соккуга учурагандан кийин Паз оңчул атаандашын жеңди. MAS партиясы Түштүк Америкадагы өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү үчүн жооптуу деп эсептелинет.

Паз 8-ноябрда кызматка киришет.

Эл аралык аренада кайрадан орун алуу

2006-жылдан 2019-жылга чейин бийликте турган Моралестин тушунда Боливия солчул багытка катуу бурулуп, энергетикалык ресурстарды улутташтырып, Вашингтон менен мамилелерди үзүп, Кытай, Орусия жана Куба, Венесуэла сыяктуу Латын Америкадагы солчул өнөктөштөр менен альянстарды түзгөн.

2008-жылы Моралес АКШнын элчисин жана АКШнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгынын (DEA) кызматкерлерин Боливиянын иштерине кийлигишүүдө деп айыптап депортациялаган. 2013-жылы USAID кызматкерлери да өлкөдөн чыгарылган.

Вашингтон жооп катары Боливиянын элчисин депортациялаган жана элчилер кайра дайындалган эмес.

Жекшемби түнү жеңиш сөз сүйлөөсүндө Паз Боливия “эл аралык аренада өз ордун кайрадан ээлеп жатканын” жарыялады.

Анын жеңиши АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио тарабынан кубатталып, Вашингтон “Боливия менен жалпы приоритеттер боюнча өнөктөш болууга даяр” экенин билдирди.

"Жыйырма жылдык туура эмес башкаруудан кийин президент Паздын шайланышы эки өлкө үчүн тең өзгөрүүчү мүмкүнчүлүк болуп саналат", - деп кошумчалады Рубио.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды