ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль армиясы жаңы дайындалган ирандык жогорку мартабалуу командирди өлтүргөнүн билдирди
Али Шадмани Ирандын диний лидери Али Хаменейдин эң жакын адамы жана эң жогорку мартабалуу аскердик командири болгон.
Израиль армиясы жаңы дайындалган ирандык жогорку мартабалуу командирди өлтүргөнүн билдирди
/ AP

 Израиль шейшемби күнү Ирандын Хатам ал-Анбия борбордук штабынын башчылыгына дайындалган командир Али Шадманини өлтүргөнүн жарыялады.

Шадмани бул кызматка бир нече күн мурун Ирандын диний лидери Аятулла Али Хаменей тарабынан дайындалган.

Израиль армиясы Х эсебинен берген билдирүүсүндө : «Чалгындоо директорлугу алган так чалгындоо жана түнкү сааттарда ортого чыккан күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөн кийин аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар Тегерандын борборундагы штабга  чабуул жасады жана согуштук башкы штабдын  төрагасы, жогорку мартабалуу аскердик командир Али Шамданини өлтүрдү»,- деп айтылды.

Шадманинин милдеттеринин арасында согуштук операцияларды көзөмөлдөө, ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуул жасоого уруксат берүү жана Ирандын Израилге каршы аскердик стратегиясын түзүү болгон.

Шамдани бул кызматты өткөн жумада Израиль жасаган кол салууда каза болгон генерал-лейтенант Гуламали Рашидден өткөрүп алган.

Израиль армиясы : «Шамданинин жок кылынышы Ирандын жогорку мартабалуу аскердик командирлигин бута алган бир нече операциянын бир бөлүгү жана Иран куралдуу күчтөрүнүн командирлик чынжырына сокку урду»,- деп билдирди.

Израилдик жетекчилер операция тууралуу  кенен маалымат берген жок, Тегеран да Шамданинин өлүмү тууралуу маалымат берген жок.

 

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат