ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Глобалдык Сумуд флотилиясынын кемеси Микено Палестина суларына жетти
Израилдин 20дан ашуун мыйзамсыз кийлигишүүсүнө карабастан Микено Палестинанын сууларына жете алды.
Глобалдык Сумуд флотилиясынын кемеси Микено Палестина суларына жетти
Глобалдык Сумуд флотилиясынын кемеси Микено Палестина суларына жетти / User Upload

Газага багыт алган жардам кербениндеги 223 эл аралык активист Израиль күчтөрү тарабынан камакка алынды. Бирок түрк капитаны Мухаммед Күчүктигиндин жетекчилигиндеги "Микено" аттуу кеме 20дан ашуун мыйзамсыз тоскоолдуктардан өтүп, Палестина сууларына жетүүгө үлгүрдү.

Глобалдык Сумуд флотилиясы бейшемби күнү X платформасы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, шаршемби түнүнөн бери 15 кемеге израилдик күчтөр кол салганын, дагы сегиз кеме кол салууга дуушар болушу мүмкүн экенин же кол салуу астында турганын кабарлады.

Флотилия, кол салууга дуушар болгон кемелердеги 223 активисттин ысымдарын жана улуттарын Instagram аркылуу жарыялады. Ошол эле учурда, расмий флотилия трекери 20 кемеге кол салуу жасалганын, 24 кеменин болсо Газага карай жолун улантып жатканын көрсөттү.

Глобалдык миссияга катышкан түрк активисти Эрдем Өзверендин айтымында, ал отурган кеме Газадан 30 деңиз милине жетпеген аралыкта болгон.

Газага багыт алган 50дөн ашуун кеме

Гуманитардык жардам жана медициналык буюмдар жүктөлгөн кемелерден турган флотилия августтун аягында жол тарткан. Бул бир нече жылдардан кийин Газага жөнөтүлгөн мындай чоңдуктагы биринчи жардам кербени болду. Флотилиянын курамында 50гө жакын кеме жана 45тен ашык өлкөдөн 532 жарандык ыктыярчы бар.

Израиль 18 жылдан бери 2,4 миллион калкы бар Газаны курчоодо кармап келет жана март айында чек ара өткөрмө пункттарын жаап, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү токтоткон. Бул абал аймакты ачарчылыкка түрттү.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин бомбалоосунан 66 миңден ашуун палестиналык, алардын көбү аялдар жана балдар каза тапты. БУУ жана укук коргоо уюмдары аймак жашоого жараксыз болуп бара жатканын, ачарчылык жана оорулар тез жайылып жатканын бир нече жолу эскертишкен.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"