ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын коммуникация башкармалыгы Азребайжан менен меморандумга кол койду
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн STRATCOM 2026 алкагында башкармалык менен Азербайжан Республикасынын Медиа өнүктүрүү агенттигинин ортосунда меморандумга кол коюлду.
Түркиянын коммуникация башкармалыгы Азребайжан менен меморандумга кол койду
Түркия-Азербайжан Биргелешкен Медиа Платформасынын жумушчу комиссиясын түзөт. / TRT Azerbaycan

Коммуникация башкармалыгы тарабынан бул жылы бешинчиси өткөрүлгөн Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинин (STRATCOM 2026) алкагында башкармалык менен Азербайжан Республикасынын Медиа өнүктүрүү агенттигинин ортосунда «Түркия Республикасынын Президенттигинин  коммуникация башкармалыгы менен Азербайжан Республикасынын Медианы өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасынын алкагында биргелешкен жумушчу комиссиясын жана комитеттерди түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна" кол коюлду.

Меморандумга президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы, профессор доктор Бурханеттин Дуран менен Азербайжан Республикасынын Медиа өнүктүрүү агенттигинин башчысы Ахмед Исмаилов кол койду.

Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасынын алкагында биргелешкен жумушчу комиссиясын жана комитеттерди түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму Түркия менен Азербайжандын ортосундагы санариптик жана социалдык медиа, аудиовизуалдык медиа, стратегиялык коммуникация жана кризистик кырдаалдарды башкаруу тармагында учурдагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.

Бул өз ара түшүнүшүү меморандуму менен тараптар Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасынын алкагында биргелешкен жумушчу комиссиясын жана туруктуу комитеттерди түзүүгө макул болушту.

Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасы 2020-жылдын 10-декабрында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга болгон сапары учурунда кол коюлган "Түркия менен Азербайжандын ортосундагы медиа тармагындагы стратегиялык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун" алкагында түзүлгөн. Платформа эки өлкөнүн медиасынын ортосундагы интеграцияны чыңдоого, коомчулукту так маалымат менен камсыз кылууга жана дезинформацияга каршы биргелешкен күрөш жүргүзүүгө багытталган.

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек