ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украина менен Венгрия тыңчылык кризисине байланыштуу эки дипломатты өлкөдөн чыгарышты
Венгриянын премьер - министри Орбандын 2022 - жылы Украинага кол салган Москвага колдоо көрсөтүүсү менен Киев жана Будапешттин ортосундагы карым - катнаштар акыркы жылдарда курчуду.
Украина менен Венгрия тыңчылык кризисине байланыштуу эки дипломатты өлкөдөн чыгарышты
/ Reuters

Украина менен Венгрия Киевдин эки кишини Будапешт үчүн тыңчылык кылуу менен айыптап камакка алгандан кийин күч алган чыңалууда өз ара экиден дипломатты депортациялашты.

Акыркы жылдарда Киев менен Будапешттин ортосундагы карым  - катнаштар курчуду. Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан 2022 -  жылы Украинага кол салган Москвага колдоо бергендигин билдирген жана Будапешт Киевдин Европа Биримдигине кошулуу аракеттерине тоскоол болгон.

Украинанын коопсуздук кызматы  СБУ жума күнү берген билдирүүсүндө Венгриянын чек арасында батыштагы Закарпатия облусунда абадан коргонуу системалары жайгашкан жерлери тууралуу маалымат чогултуу менен айыпталган эки венгриялык тыңчыны кармагандыгын билдирди.

СБУ берген маалыматында:  "Украинанын тарыхында биринчи жолу Коопсуздук кызматы мамлекетибизге зыян келтирүү максатында тыңчылык кылган венгриялык аскердик чалгындоо тармагын аныктады",- деп билдирди жана «эки агентти» камакка алынгандыгын кошумчалады.

СБУ шектүүлөрдүн  40 жаштагы эркек жана аял экендигин, экөөсү тең мурдагы аскердик кызматкерлер экенин жана алардын венгриялык чалгындоо кызматкери тарабынан багытталгандыгын белгиледи.

Эки кишинин тең өмүр боюу абак жазасына тартылышы мүмкүн экендигин да кошумчалады.

 "Каралоо кампаниясы"

Венгрия «Украинанын Будапешттеги элчилигинде дипломатиялык кызмат деген атка жамынып иштеген эки тыңчыны» депортациялоо менен жооп кайтарды. Бул билдирүүнү Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто жасады.

Сиярто Украинанын териштирүүсүн «акыркы  каралоо кампаниясы» деп мүнөздөдү.

Сийярто Facebook баракчасында жарыялаган видеосунда "Венгрияга каршы пропаганданын күчөшүн" сынга алып: «Венгрияга жана Украинадагы венгр элине каршы мындай каралоо кампанияларынын  баштатылышына жол бербейбиз",- деди.

Украина буга жооп катары Венгриянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды.

Украинанын коопсуздук сервиси тыңчылык менен айыпталган кишинин бир венгер офицеринен накталай акча алгандыгын жана кеминде эки кишини тыңчы катары жалдоого аракет кылгандыгын билдирди.

Атайын кызматтын билдиргенине караганда агенттерге  аскердик маалыматтарды чогултуу менен бирге жергиликтүү калктын социалдык-саясий көз караштарын, өзгөчө венгриялык аскердик бөлүктөр аймакка кирген учурда мүмкүн болуучу жүрүм-турум сценарийлерин" изилдөө милдети жүктөлгөн.  

2001 -  жылдагы акыркы расмий эл каттоого караганда Украинанын Закарпатия облусунда 150 миңге жакын этникалык венгр жашап жатат.

 

 

 

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт